www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2010-жылдагы апрель революциясында  бир эмес эки ок баш сөөгүнө тийип, аман калып, Жаштар министри болуп беш жыл иштеген  Алиясбек Алымкулов менен  кызматтан кеткенде баарлашканбыз. Бул маек мурун алынса да, азыр да окурмандарга сунуштоону туура көрдүк.

-Алясбек мырза, 7-апрелде бир эмес, эки ок баш сөөгүңүзгө тийип, бири муруну көңдөйүңүздү аралап кеткен эле. Ок тийгенде эң биринчи  эмнени ойлодуңуз?

-Эки ок катар тийгенде ооруганын деле сезген жокмун. Көзүм жумулуп баратты. Канчалык көк асманды көргүм келип, бир жолу карап алайын дегениме болбой көзүмө ээ боло албай бараттым. Анан балдарымды эстедим. Кокус көзүм жумулуп кетсе, алар кимдин эшигин сагалайт. Ата мээримин кайдан алат деген ойду ойлоп, ичим ачышып кетти. Анткени, “бир туугандарың менен бешигиң бир болгону менен эшигиң башка да”. Анан 80ден ашкан  атамды ойлодум. Себеби, атам мен тууралуу жаман кабар барса  аны көтөрө албай калса, не болот деп аяп кеттим.

-Оор операциядан кийин көзүңүздү ачканда кандай абалда болдуңуз?

-Көзүмдү ачсам таңылып жаткан экенмин. Жанымда менин көзүмдү ачышымды чыдамсыздык менен күтүп тургандар операция болгонумду, октон жабыркаганымды айтышты. Мен эми майып болуп калсам, өмүрүм өткөнчө кор боломбу? Кимге жүк болом деп өлүп эле калсам болмок экен деп ойлоп кеттим. Кудайга шүгүр, биринчи Жараткандын колдоосу, экинчи мыкты врачтардын жардамы менен ден соолугум баштагыдай болбосо да, аз-аздап калыбына келе баштады. Бирок, канча жашаарымды эч ким айталбайт. Себеби, баш сөөккө тийген эки октон аман калганыма мен эмес, врачтар да таң калат. Кудайдын буйругу экен, ок жесем да, беш жыл Жаштар министрлигин жетектеп, министрлик айлыктан баш тартып, мамлекетиме салым кошоюн, аз болсо да жаштардын маселесин чечейин, Жаштар министрлигинин ишин жолго салайын деп чын дилимден аракеттендим.

-Айрымдар сизди “динге  берилип, фанат болуп кеткен адамдай сүрөттөшөт. Кээде өкмөттүн чоң маселелерди чечкен жыйындарында  “мен намаз окушум керек деп чыгып кетет” дешчи эле. Ошол сөздүн  канчалык деңгээлде чындыгы бар?

-Динди сындап, ага акарат келтирип, туура эмес сөз айталбайм. Анткени, динден жамандык издебеш керек. Берген да Кудай, алган да Кудай дейт. Ошондуктан дин тууралуу жаман сөз айталбайм. Дин адамды нысаптуулукка, адептүүлүккө, топуктуулукка үйрөтүп, ач көздүктөн баш тарттырат. Башкача айтканда, диндин жакшы жагы көп. Бирок, мен кимдир бирөөлөр айтып жүргөндөй өкмөттүн жыйындарында “намаз окуйм” деп бир да жолу чыгып кеткен эмесмин. Болгону, убакытты бардык нерсеге үлгүрүү үчүн туура колдонуп, намазым да каза болбогудай кылам. Башында мен да ушундай сөздөрдү кимдир бирөөлөрдөн угуп калганда  намазды шылтоолоп, эч качан жыйындан чыгып кеткен жок элем. Мындай сөздү кимдер, эмне үчүн чыгарып жатышат деп таң калчумун. 

-Жаңы уюшулган министрлик сиз жетектегенде өз миссиясын аткара алды беле?

-Менин ишмердүүлүгүмдү деңгээлине жараша ар ким ар кандай баалашы мүмкүн. Бирок, мен министрлик кызматтын ар бир күнүн куру кетирбегенге аракет кылдым. Колумдан келишинче убакытты туура пайдаланууга, жаштардын келечек пландарын тактап, багытын аныктап алышына шарт түзгөн  жаштар борборун ачкам. Ошондой эле миграция тармагында дагы 20 жылдан бери жасалбаган иштерди жасадым. Кыскасы, мактоого аларлык бир топ ишти жасадык.

Негизи мен көп ишти бирөөнүн көзүнө көрүнөйүн, мактоого арзыйын деп эмес, жоктон бар кылып уюшулган министрликтин орун алып калышы үчүн жасагам. Ошон үчүн канчалаган каражат тартып келсем да, бирин да пиар кылып, Алиясбек Алымкулов кыйратып жатыптыр деген саясат жүргүзгөн эмесмин. Чынында акыркы эки жылдын ичинде эле 2 млрд. сом каражат таап келип, өкмөттөн бир тыйын албай чоң долбоорлорду ишке ашырдым.  Жок министрликти Кудайдын жардамы менен калыбына келтирип, колумдан келишинче иштеп, чечилбеген көп көйгөйлүү маселелерди чечкем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости