www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты “Республика Ата-Журт” фракциясынын башчысы Жыргалбек Турускулов Жумгалдын жан кейиткен жолдору жөнүндө:

“Урматтуу Жумгалдыктар! Сиздердин азыркы жолдун жыртык-тешигин бүтөп, грейдер менен сүргөндөн кийин дагы көп жыл асфальт жок кала бербейби деген коркунучуңарды жакшы түшүнүп жатам.

Бирок, мен сиздерге убада берем, альтернативдик түндүк-түштүк жолунун 3-фазасы 2019-жылы жазында, күн жылышы менен башталат. Акчасы чечилген, тендер өткөн.

Тендерди Европанын Италиялык компаниясы жеңип алган. Азыр жолду түндүк-түштүк жолдун 3-фазанын ишке ашырчу дирекциясы өзүнө өткөрүп алуу процедурасы жүрүп жатат.

Жаңы жол салынып буткүчө мындан ары бул маселе менин көзөмөлүмдө болот. Ага чейин ай сайын ремонттоп турушат”- дейт Турускулов.

Эске сала кетсек, Кочкор-Жумгал жолунун азыркы учурдагы айласыз абалы боюнча элдер жол көйгөйлөрүн айтып, нааразы болгон Жумгалдыктар арбын. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости