www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Наманган шаарында атасы 1 жаштагы уулун сууга чөктүрүп өлтүргөн деп соттолду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Андагы маалыматтарга караганда, алимент төлөбөө үчүн 1 жаштагы уулун Түндүк Фергана каналына таштап салган ата сөөрөй 18 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечим чыгарган Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өзүнүн баласын атайылап өлтүргөн деп тапкан.

Соттогу документтерге ылайык, 2017-жылы үйлөнгөн Расулбек Ташпулатов 2018-жылдын 4-июлунда уулдуу болгон. Бирок, 2019-жылдын 24-апрелинде уулу өзүнө окшош эмес болгон үчүн аялы менен ажырашып кеткен. Ажырашканда соттун чечими менен ал уулу 3 жашка чыкканча алимент катары тапкан кирешесинин 70 пайызын төлөмөй болгон.

Расулбек Ташпулатов алимент төлөгүсү келбей, 8-июлда уулун уурдап кетип, Түндүк Фергана каналына таштап салган. Андан соң ал уулу чөгүп өлгүчө карап туруп, кетип калганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости