www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурун болот деген сөз күчөй баштагандан кийин депутат болчу адамдарда тынч уйку качты. Ким менен чогуу болобуз, кайсыл партияга кыпчыла калсак? - деген суроолорго эмитен чогулушуп сүйлөшүүлөрдү башташты.

Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон бери, Акаев, Бакиев, Атамбаевдин учурунда деле ар кайсыл жээкте болсо дагы, достукту бийик тутуп, ажырабаган достор бар. Замирбек Эсенаманов башында турган ошондой эски достор жакында чогулушуп, кийинки шайлоо тууралуу кеп козгошту.

Эсенаманов кайсыл бийлик болбосун, өзүнүн түз жүргөнү менен айырмаланат эмеспи. Азыр дагы Замирбек Садыбакасовичке айрым партиялар түндүк тараптан сиз лидер болуп чыгып бериңиз деген сунуштарын айтып жатканы жөн жерден эмес. Эски достор Эсенамановго кайсыл партия менен бирге барарыбызды сен чечесиң деп тараганын эшиттик. Демек, Эсенамановдун таасири дагы деле бар, деп "Жаңы Ордо" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости