www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши токтотулду. Буга байланыштуу УКМКнын токтому чыккандыгын Шыкмаматов кабарлады.

- Расмий түрдө токтотулду. Кылмыш курамы жоктугуна байланыштуу иш токтотулсун деп тергөө органдары атайын токтом чыгарды. Аны менен расмий тааныштырышты.

Шыкмаматовдун айтымында, ишти токтотуу боюнча токтом 20-декабрда чыккан.

Алмамбет Шыкмаматовго 2016-жылдын декабрында кылмыш иши козголгон. Ага карата "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деген айып тагылган. "Ата Мекендин" өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон.

Ишти Биринчи май райондук соту карап, акыры былтыр декабрда айыпталуучуларды күнөөлүү деп тапкан. Анын негизинде Шыкмаматовго 5 миллион сом айыппул салса, Иманалиев 10 жылга кесилген. Ал эми Юкселге карата кылмыш иши кыскартылган.

Быйыл июнда Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин жокко чыгарып, эл өкүлүнө байланыштуу ишти кайра тергөөгө жөнөткөн болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости