www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Эл уулу жөнүндө эмне дешүүдө: «Ак ийилет, бирок сынбайт»Кыргыз элинин чыгаан адамдары Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевдин абалына тынчсызданышууда. Алар басма сөз аркылуу байма бай өздөрүнүн калыс сөздөрүн коомчулукка билдиришүүдө. Бүгүн да кыргыз элине эмгеги сиңген ардактуу атуулдарынын кайрылуусун берүүнү ылайык көрдүк. Чындык бар болсо, адилеттүүлүктүн жарыгы эл өкүлүнө тиер деген ишенимдебиз.
Экинчи даражадагы «Манас» орденинин ээси, Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаевди бийик моралдык принциптеги адам деп эсептерин айтты.
«Осмонбек Артыкбаевди көп жылдан бери билем. Ал абдан адамгерчиликтүү, таза иштеген инсан. Кайсы тармакка келбесин ар дайым эл үчүн иштеп, өзү жетектеген тармакта мыкты жетекчи, мыкты иш уюштургуч болду деген ойдомун.
90-жылдары Кыргызстанда дары-дармек маселеси пайда болгон кезде чет өлкөгө чыгып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп дарыканалар түйүндөрүн ачты. Ак мээнети менен ийгиликтерге жетишти.
Осмонбек кыргыз маданиятын, адабиятын өнүктүрүүгө зор салым кошуп, бул жаатта көп инсандарга жардам берип жүргөнүн да билем. Айрыкча жаш таланттарды колдоду, алардын китептерин басмаканадан чыгартып берип, сүрөт көргөзмөлөрүн уюштуруп көп ирет демөөрчүлүк кылды.
Депутаттын кичи мекени болгон Токтогул районунун элине жардам берип, колунан келген жардамын аябай, колунда жокторго, муктаж адамдарга канчалаган кайрымдуулук иштерин жасады.
Эли колдоп ишенип, парламенттин бир нече чакырылыштарынын депутаты болуп, кыргыз элине пайдалуу бир топ мыйзамдарды иштеп чыкты.
Колунан келсе жардам берейин деген пейли таза, ишенчээк, ийкемдүү, өтө адамгерчиликтүү жигит. Өз элинин татыктуу уулу! Буюрса акталып чыгат го деген ниеттемин, анткени мындай патриот уулдарга өлкө муктаж!».
Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңешинин депутаты Жеңиш Кадыралиев Осмонбек Артыкбаев эли үчүн таза суу көйгөйүн чечип жатканын айтты. «Осмонбекке кабыргам кайышып, бул адам жөнүндө бир-эки ооз калыс сөзүмдү айтууну туура көрдүм.
Осмонбек жаштайынан чарбалык иштерге аралашып, мектепте окуп жүргөндө окуучулар бригадасын жетектеп, жүгөрү багып, совхоздун ишине зор көмөк көрсөткөнүн өз көзүм менен көрүп, күбө болгонмун. Осмонбек ошондо эле зирек, чыйрак, элпек бала болчу жана эл арасында оозго алынып калган.
Жаштайынан жашоонун түйшүгүн көрүп, барчылык-жокчулукту эрте сезип чоңойгон. Эр жеткенден тарта элге жардам берейин, керегим элге тийсин деген сезим менен жашаган инсандардан.
Айылдагы жетим-жесирлерге жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзгөчө көңүл буруп колдон келген жардамын аябаган.
Үч-Терек айылындагы өзүнүн жеке менчик имаратын жери менен бала-бакча кылууга мамлекетке бекер эле өткөрүп берген. Бүгүнкү күндө бул бала-бакча ийгиликтүү иштеп жатат.
Осмонбекти айылга дайыма жакшы жышаан, жаңылык менен келет деп дайыма күтчүбүз. Себеби, ал келгенде айылдагы бир топ көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жан дили менен аракет кылчу жана көмөк жасачу.
Биздин айыл Токтогул ГЭСтин суу сактагычы пайда болуусунан көчүп чыккан айылдардын бири болгондуктан, чечүүнү талап кылган маселелер өтө эле көп. Алардын бири бул ичүүчү таза суу көйгөйү. Бүгүнкү күндө бул маселе Осмонбектин эмгегинин аркасында чечилип жатат. Ислам банкынын таза суу долбоорунун алкагында тийиштүү иштер жүрүп жатат. Бир эки жылда бизде таза суу ар бир үйдөн чыгып калат, кудай буюрса.
Ошондой эле, Осмонбектин жардамы жана кийлигишүүсү менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн айылдарындагы жолдор, көпүрөлөр, мечиттер, клубдар, мектептер, бала-бакчалар жана спорт залдар курулгандыгына жана ишке берилгендигине күбөбүз.
Үч-Терек айылындагы Тууганбай Абдиев атындагы маданият үйүн оңдоого курулуш материалдарынан жардам берген. Осмонбектин актыгына бөркүмдөй ишенем. Элибизде жакшы сөз бар « ак ийилет бирок сынбайт» деген. Ошондуктан, Осокенин бул иши тергөө органдары жана сот тарабынан адилет таразаланып, анын акталарына чоң үмүтүм бар».

Булак: NazarNews.kg

Последние новости