www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда 19 жаштагы мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыздын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта жазылгандай, 20-мартта мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Аяжан Едилованын сөөгү Талдыкорган шаарында жерге берилген.

"Эмгекчил, активдүү, шайыр Аяжан Едилованын сөөгү жерге берилди. Ал 20-март түнү мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кыздын сөөгү цинк табытына салынган бойдон жакындарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат маалыматта.

Казак басылмаларынын маалыматына ылайык, Аяжан Едилова 19-мартта жумуштан чыгып, ошол бойдон жашаган жерине кайтып келген эмес. Алгач аны жигити издеп баштаган. Ал кыздын туугандарына кабарлап, анан полицияга кайрылышкан.

Аяжан Едилова жогорку окуу жайында окуп, студенттер үчүн жатаканада жашап келген. Окуусу менен бирге сулуулук салонунда иштечү.

"Полициянын иши жай жүрүп жатканына байланыштуу кыздын туугандары өз алдынча издеп башташат. Ыктыярчыларды топтоп, социалдык тармак аркылуу кызды жеткирген такси кызматынын айдоочусун табышкан. Алар жазылып калган видео байкоолорду текшеришип, кыз кеткен даректи билишкен.

Андан соң кыздын туугандары полицияга кабар берип, өздөрү ал жакка барышкан. Айтылган дарекке келгенде алар үйдүн айланасында форма кийген кызматкерлер жана "Тез жардам" кызматынын унаасын көрүшкөн. Бир нече мүнөттөн кийин туугандары канга боёлгон эркек кишини алып чыгып кетип жатканына күбө болушкан. Көрсө, ошол маалда полиция Аяжандын сөөгүн таап, бирок жакындарына айтышкан эмес. Кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, денеси жиликтелгени аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

"Полиция кызматкерлери батирге барып, кыздын денеси бөлүк болуп жаткан абалда табышкан. Ал эми шектүүнүн берген көрсөтмөсүнө ылайык, ал кыздын жансыз денесин жиликтеп салганын кылмыш ишин жашыруу үчүн кылганын айтып берген. Кылмышкер кыздын бөлүнгөн денесин ар кайсы жактагы таштанды челектерге ыргытып жиберген. Бул сөөктөр табылып, кошумча соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп билдирген Алматы шаарынын полиция департаменти.

Ошол күнү кыздын каза болгону тууралуу полиция туугандарына кабар берген эмес. Алар кыз батирде жок экендигин айтып, эртеси полиция бөлүмүнө чакырышкан. Каза болгондугу тууралуу эртеси кыздын жакындары ММКдан билишкен.

 

"Анын ар бир тырмагы кесилип, ар бир тиши суурулган. Башын кесип сууга кайнаткан. Башынын сөөгү гана калган", - деп билдирген кыздын агасы Алмат Муликов.

Маалыматта полиция аталган батирге штурм менен киришкени, шектүү көпкө чейин эшикти ачпай, өзүн өлтүрүүгө аракет жасаганы айтылат. Кылмышка шектүү жаран 28 жашта, ал Түркстан облусунан болот. Жогорку медициналык билимдүү, Алматыда батирди ижарага алып жашап жүргөн. Учурда ал ооруканада.

Ал эми кыздын жакындары Аяжан мыкаачынын биринчи курмандыгы эмес болушу мүмкүн деп чочулашууда. Алар күнөөлүү сөзсүз түрдө жазалануусу керектигин айтып, Казакстандын президентине кайрылышканы кабарланды.
 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости