www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Карышкырга кой кайтарткан» замандын накта жүзүн «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Алмаз Алимбеков көрсөтүүдө десек туура болчудай болуп турат. Дегенибиз, бул эргул тээ башынан бери далай жерди майкаңдаганы аз келгенсип, азыр аны чоң ишканага отургузуп койгону акылга сыйбай турат. Бир фактысын атай кетсек, Ак-Түздөгү кен ылгоочу фабрика банкрот болуп сатыкка коюлганда «Голден Сильва» деген компания утуп алып, фабриканы иштете баштайт.
2005-жылдагы төңкөрүштөн кийин рейдерлик менен тартып алууга киришет. Жасалма банкротко алып келишет. Ал иштин башында так ушул Алимбеков турганы айтылып келет. 2010-жылдан кийин «Голден Сильва» рейдерлик жол менен тарттырып жибергени тууралуу сотко, прокуратурага арыз менен кайрылган. Тилекке каршы, Алимбеков амалкөйлүгү менен суудан кургак чыгып кеткен.
Ошо менен ал иш, «кар жаады, из басылды» логикасына такалып турат. Анткен менен Алмаз Алимбеков бакандай чоң кызматта отурат. Логикалык жактан туура келбей туру. Бул боюнча Алимбековдун өзүнө байланышканыбыздан жыйынтык чыккан жок. Корккону бар окшобойбу, оңураак жооп бергенге жарабады.
Булак: “De-facto”