www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин коллегиясынын экинчи бөлүгү бүгүн уланууда. Коллегия тууралуу толук маалымат жыйындын соңу менен берилет. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев “Кесиби боюнча мыкты” эсептелген кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Отурум сыйлыктарды салтанаттуу түрдө тапшыруу менен башталып, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды. Аталган иш-чара иштер органдарынын кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет.
Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, профессионалдык чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.
Ички иштер органдарынын ар бир кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан.
Ал бул сынактык жеңүүчүлөрү болуп, 2019-жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер аталды.
2019-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:
-«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуу ага ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Сагынбаев Эрлан Каныбекович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматынын мыкты тергөөчүсү» - Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты Дуванаев Нурбек Махамаджаббарович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын мыкты ыйгарым өкүлү» - Баткен облусунун Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүмчөсүнүн алгачкы текшерүү боюнча ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты Кудайберген уулу Бектур;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери, милициянын капитаны Дооранов Болотбек Салайдинович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын мыкты ыйгарым укуктуу оперкызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Ыкчам иликтөө башкармалыгынын 2-бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Османов Кибар Байрамович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын мыкты милициянынаймактык ыйгарымдуу өкүлү» - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү, милициянын капитаны Одонов Нурлан Жусупович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин иши боюнча мыкты аймактык инспектору» - Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгынын жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясынын улук аймактык инспектору, милициянын майору Асанбеков Рыскулбек Мусалиевич;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун мыкты ыкчам нөөмөткери” – Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Ыкчам чара көрүү борборунун ыкчам нөөмөткери, милициянын полковниги Сатыбеков Мирланбек Батырбекович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын мыкты милиционери - Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын бөлүмчөсүнүн командири, милициянын ага прапорщиги Абдалимов Максатбек Туратбекович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын мыкты кызматкери» - Чүй облусунун Ысык-Ата районунун күзөт бөлүмүнүн взвод командиринин орун басары, милициянын ага прапорщиги Абдылдаев Тилек Бейшенбекович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнун Балыкчы шаарынын өзүнчө ротасынын № 2 взводунун бөлүмчөсүнүн командири, милициянын прапорщиги Шабданов Изат Тажибекович;
- «Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” Атайын багыттагы полкунун Атайын операциялар отрядынын мыкты күжүрмөн кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнун Талас облусу боюнча Атайын операциялар отрядынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкер-жоокери, милициянын лейтенанты Сыдыгалиев Марат Искендерович;
-«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мыкты милиционери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Нарын облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже инспектору, милициянын прапорщиги Рыскелдиев Улан Шаршенбекович;
-«Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам криминалистикалык борборунун мыкты кызматкери» - Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ыкчам криминалистика борборунун улук инспектор-криминалисти, милициянын подполковниги Назаров Мусабек Абдубакурович.
Айтылган кызматкерлердин баардыгы сыйлык лента, атайын вымпел жана ИИМдин кол сааты менен сыйланышты.
Булак: NazarNews.kg