www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс президент Алмазбек Атамбаев 22-июль күнү тарапташтары менен жолугушуу учурунда Орусияга шаршемби күнү кетерин айтты. Бирок кимдердин чакыруусу менен барарын ачык айткан жок.

“Бүгүн дүйшөмбү, балким шаршембиде кетем. Кайсы жактан, кантип кетем чакырып жаткан тарап чечет”, - деди Алмазбек Атамбаев.

Буга чейин ИИМ үч жолу Атамбаевди суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тарткан. 22-июль күнү Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов баштаган тергөө тобунун мүчөлөрү барган.

Мурдагы президенттин тарапкерлери аны суракка чакырууну саясий куугунтук деп, Чүйдүн Кой-Таш айылындагы Атамбаевдин үйүндө “элдик штаб” түзүп, топтолуп турушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости