www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дегенибиз Азиз Суракматов жетектеген Бишкек мэриясы, тагыраагы "Бишкек суу канал" ишканасы муздак сууга болгон тарифти көтөрүүнү пландап, элдин кулагын бышыра баштады.
Бир кездери азыркы Даниил Урицкий, ошол кездеги бейиши болгур Данияр Үсөнов да тарифтерди көтөрөм деп ташталканы чыкканын унутуп койсо керек. Ансыз деле сугатка деп 3 айга 740 сомдон төлөгөнүбүз жетпей калган го. Кыргызстан суунун мекени деп коюп, бааны кымбаттатып атканыңарга жол болсун. Бул ишиңердин аягы жакшы менен бүтпөйт. Карапайым калктын канын кактабай ичкениңерди койгула. Эсиңер барда этегиңерди жапкыла. Ансыз да пенисиясы менен жан баккан жашоочулардын нааразычылыгы күчөп турат.
Шаар тургундары үчүн суунун тарифин -8,10 сомго, канализация үчүн - 2,30 сомго көтөрүүнү сунуштоодо. Бул көрсөткүч бюджеттик ишканаларга 9,10 сом (суу) жана 3 сомду (канализация) түзмөкчү, деп "Факты.kg" гезити жазган.
Булак: NazarNews.kg