www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Алмазбек Сатиевич, Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу боюнча комиссиянын мүчөсү катары эмне айта аласыз?

– Башында күмөн саноолор 9 пункт эле. Азыр ошондон алтоо калды.

– Ошондо 3 пункт негизсиз болуп чыктыбы?

– Негизсиз эмес. Бир-эки маселе ал премьер-министр кезинде болгон экен. Ал эми биздин комиссия болсо экс-президенттин статусу боюнча иштеп катпайбы. Ошон үчүн өкмөт башчы кезинде кылган иштери каралган жок.

– Комиссия ишин качан бүтүрүп, палатага сунуштайт?

– Биз тыянагыбызды даярдап, кечээ кол коюлуп, комитеттерге бердик. Комитеттер карап чыкты болуш керек. Кечээ мен уккан маалымат боюнча комитеттерден өттү. Эми алар Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгышат. Бүгүн алып чыгабы, же аркы жумабы – аны өздөрү чечишет.

– Сиздер анча-мынча материалдарды окуп, иликтеп чыктыңыздар да. Ошолордун негазинде кандай тыянакка келдиңиз?Атамбаевдин үстүнөн иш козгогонго негиз барбы?

– «Батукаев боюнча түздөн-түз буйрук берген» деген Атахановдун көрсөтөмөсү бар экен. ТЭЦ, көмүр сатып алуу боюнча да Артыкбаев көрсөтмөлөрдү берип атканын айтышты. Биз эми тергөө органы эмеспиз. Калганын ошолор чечет.

– Жакында мен Өмүрбек Текебаевдин интервьюсун окуп калдым. «Атамбаевди шашылыш түрдө, айыбын толук негиздебей туруп камап, баатырга айлантпаш керек» дегендей ойду айтыптыр.

– Бизди «депутаттардын дарегине акаарат сөздөрдү айткандан кийин алар ачууланып чыга калышты» деп айтып жатышпайбы, андай эмес. Элди бөлө баштады да. Коомго чыңалуу алып келип, кырдаалды курчута баштады. «Кой, каникулга чыгып кетсек бул дагы эмне кылып ийет» деп ошондон улам биз бул маселени көтөрдүк. Таарынгандан эмес. Эми ал кишинин ар кандай сөзүнө биз көнүп деле калбадьпшы.

– Анда сиздер каникулга кеткенге чейин бир жаңсыл болот экен да бул иш?

– Биз өткөрүп беребиз. Калганын тергөө органдары өздөрү карай берет. Ал жагына биз кирише албайбыз.

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости