www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Той болот, тойдун эртеси да болот» дегендей, Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити жакынкы күндөрдөгү орчундуу окуялардан болуп калды. Саммитке Орусиянын, Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Ирандын, Беларустун, Ооганстандын, Монголиянын президенттери жана Индия менен Пакистандын өкмөт башчылары келди.

Бул жыйында Бишкек декларациясы кабыл алынды. Уюмдун курамындагы жана байкоочу мамлекеттер баңгизат соодасына каршы күрөшүү, санариптештирүү маалыматтык коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү сыяктуу бир катар маанилүү тармактар боюнча келишимдерге кол коюшту. Саясый илимдердин доктору, доцент Азамат Темиркулов менен ІІІКУнун жыйынтыктары тууралуу маек курдук.

– Азамат мырза, ШКУнун өтүшү биздин өлкөнүн алгалашына кандай салым кошту?

– Биринчиден, биздин статусубузга, имиджибизге чоң салым болду. Ушундай чоң уюмдун саммити болуп жатса, Кытай, Россия, Индияга окшогон чоң өлкөлөрдүн башчылары келип жатса, биз үчүн албетте, чоң жаңылык. Планетада жашаган өлкөлөрдүн жарымы өкүл болуп келген, жарымы көргөн, абдан чоң окуя болду. Бул биздин өлкө үчүн имидж, статус жагынан сонун көрүнүш. Экинчиден, ушундай саммиттерден ар бир өлкө өз кызыкчылыгын коргойт. Жетекчилер өз расмий сөзүн айтып жатканда сөзсүз ошол жерден өз кызыкчылыктарын белгилешет. Мисалы, Россиянын президенти В.Путин өз кызыкчылыгын белгилегенде, санкцияларды айтып кетти. Ирандын президенти дагы Америка менен болуп жаткан жумуштарын билдирди. Ошентип ар бир өлкө өз кызыкчылыгын коргогонго аракет кылат.

Биздин башчыбыз дагы өзүбүздүн экономикалык позицияны белгилеп кетти. Кытай-Өзбекстан темир жолу ошол долбоор ишке ашса экономикабызда жылыш болорун белгиледи. Андан тышкары, президентибиз коопсуздук жөнүндө да айтты. Себеби Шанхай кызматташтык уюму үч коркунуч менен күрөшөт: терроризм, экстремизм жана сепаратизм. Эң башында ушул үч коркунучка каршы болуп ушул уюм түзүлгөн. Биз бул маселеге басым жасап, чара колдонушубуз керек деп баса белгиленди. Жалаң гана сөз менен иш бүтпөйт. Ошон үчүн муну биринчиден президенттин өз оозунан уктук жана кол коюлган келишимдерге күбө болдук. Ал документтер канча миллиарддаган экономикалык долбоорлорго, Кыргызстан менен Кытай биригип кызматташканга даяр экени көрсөтүлдү. Бул менин оюмча жакшы көрүнүш. Айыл чарба, тоо-кен ж.б. ар кандай тармактардан келишимдерди түздүк.

– Экономикабыздан кандай бурулуштарды күтсөк болот?

– Эми экономикабыздан дагы келечекте жакшы кирешелерди, жылыштарды көрөбүз. Ошоң үчүн менин оюм боюнча бул саммит Кыргызстанга жакшы эле бурулуштарды алып келди.

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости