www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанет менен Грэм Уолтон ата-эне болууну абдан кыялданышчу. Бирок, жаш түгөйлөр табыгый жол менен балалуу боло алышкан эмес.  Акыры атайын технологиянын (ВРТ) жардамы менен бойго бүтүрүү аракетин көрүшкөн. Бирок, 12 жолу аракет кылып көрүшкөнү менен андан майнап чыккан эмес.  Жанет менен жубайы үмүттөрүн үзүп, акыркы жолу технологиянын жардамы менен бойго бүтүрүүгө аракет кылууну чечишкен. Бактыга жараша он үчүнчү аракети аларга ийгилик алып келип, аял кош бойлуу болгон. Түйүлдүккө 8 жума болгондон кийин, аял УЗИге барып текшерилген.  Дарыгерлер түйүлдүктүн башкача формада экенине таң калып, дыкат текшерүү жүргүзүшүп, Гремдин курсагында көп эм бар экенин аныкташкан.

Ошентип, 1983-жылдын, 18-ноябрында  Жанет менен Грэмдин үй-бүлөсүндө алты эм кыз төрөлөт: Ханна, Рут, Люси, Кейт, Женни жана Сара.

Англиянын Ливерпуль шаарындагы ооруканада кыздар 31 жумалыгында  кесарево жолу менен жарык дүйнөгө келишкен.

“Кыздар 31 жумалыгында эле ден-сооолуктары чың төрөлгөн. Ал эми эки кызыбыз жатында жаткан кезинде дем алуучу органдары жакшы өөрчүбөй калгандыгына байланыштуу   инкубатордун жардамы менен торолтуп алганбыз”, -дейт атасы.   

Бактылуу ата-эне жылына 10 миң памперс которушса, бир нече жылга чейин  дээрлик укташкан эмес. Алты баланы бир эле учурда тамактандырып, уктатып, жаткызып , көтөрүп, деги койчу кандай гана эмгек менен чоңойтушкан.

18-ноябрада кыздар 35 жашка чыгышты.  Азыркы учурда Ханна мектепте башталгыч класстарга мугалим болсо, Кейт кадрлар бөлүмүндө, Люси жергиликтүү  авиалинияда, Женни жеке кондитердик дүкөнүндө эмгектенишет. Ал эми Сара болсо жакында эле Жанет менен Грэмди бактылуу чоң ата, чоң эне кылды.

“Биз кыздарыбызды абдан жакшы көрөбүз, аларды чоңойтконубузга бактылуубуз! Болгону кыздарыбызга  кичине кезинде, жакшы мүмкүнчүлүк түзүп бере албай калдык. Эми неберелерибизди башкача багабыз”, дешет Жанет менен Грэм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости