www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КМШ ПАА Кенешинин жыйынына Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйыны өзгөчө маанайда өттү. Анткени, Парламенттер аралык ассамблеянын 50-юбилейлик пленардык жыйынына туш келди. Юбилейлик пленардык жыйындын күн тартиби, иштөө регламенти талкууга коюлуп, секретариаты менен редакциялык комиссиясынын курамы бекитилди.

Улуттук парламенттердин төрагалары катышкан жыйындын жүрүшүндө каралган олуттуу маселелердин бири Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигин 2030-жылга чейин экономикалык жактан өнүктүрүүнүн стратегиясынын долбоору туурасындагы маселе болду. Ошону менен бирге эле эмдиги жылы шериктеш өлкөлөрдө өтө турган шайлоолорго да өзгөчө көӊүл бурулду. Мында Парламенттер аралык ассамблеянын эл аралык байкоочуларын жөнөтүү, алардын бюджетин аныктоо маселелери туурасында да сөз болду.

Мындан тышкары буга чейин Парламенттер аралык ассамблеянын алкагында жасалган иштердин жыйынтыгы чыгарылып, келечек пландары белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости