www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азаттыктын 21-ноябрдагы жарык көргөн иликтөөсүндө учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков жана буга чейин белгисиз Хабибулла Абдыкадыр аттуу уйгур тектүү, кытай жараны тууралуу сөз козголгон. Андан кийин иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдыкадыр Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанатындагы сүрөттөрү жарыяланган. Фейсбуктагы Беспредел КG-КР баракчасы болсо аты аталган ишкерди инаугурацияга ошол кездеги президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов иш-тизмени жеке Атамбаев менен гана акылдашканын жазып чыкты.  Макалада маалыматтар ишенимдүү булактардан алынгандыгын белгилейт.  

Ишенимдүү булак: Хабибулла Абдыкадыр Атамбаевдин чакыруусу менен инаугурацияга келген

“Азаттык” үналгысы жарыялаган иликтөөсүндө сөз болгон Кытай жараны, жеке ишкер Хабибулла Абдыкадыр президент Сооронбай Жээнбековдун ант берүү салтанатына катышканы белгилүү болду. Кытайдан Борбор Азияга жүк ташыган бул монополист ишкер буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жакын тааныш болуп, ал кызматта турганда бир нече жолу кабыл алуусунда болгону да ачыкка чыкты.
Сооронбай Жээнбеков шайлоодон жеңгенден кийин, анын ант берүү салтанатын уюштуруу ишин бийликте турган Атамбаевдин Аппараты колго алган. Ошол кездеги Аппарат жетекчи Фарид Ниязов иш-чарага чакырылгандардын тизмесин жеке Атамбаев менен гана акылдашканын ишенимдүү булактар кабарлады. Ал эми уйгур улутундагы ишкер Хабибулла Абдыкадыр АШАнын суранычы менен тизмеге кошулуптур. Аны алдыңкы катарга жайгаштыруу маселеси да Атамбаевдин кийлигишүүсү менен чечилген. Муну менен “Азаттык” иликтеген миллиондордун сыры боюнча мурдагы президентке да көп суроолорду пайда кылды.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости