www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ММК өкүлдөрүнүн «Азаттык» жана «Клооп» медиаресурстарынын журналисттик иликтөөсүнүн айланасында комментарий сурап кайрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы — КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүлөрдү билдирет:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын 2-ноябрындагы ММК өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросунун жетекчиси Айзада Касмалиева С. Жээнбековдун Хабибулла Абдукадыр менен болгон тааныштыгы тууралуу суроо берип, жооп алган.

Кийин биз кененирээк комментарий берип, анда белгиленгендей, Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун губернатору болуп иштеп турган 2012-жылы Ош шаарында инвесторлорду тартуу максатында «Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү» деген Инвестициялык форум болгон.

Ага 300дөн ашык адам катышкан. Эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн тышкары Россия, Кытай, Иран, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түштүк Кореядан расмий өкүлдөр жана ири ишкерлер келишкен.

Ош областы экономикалык, гуманитардык кызматташуусун тереңдетүү максатында жакынкы өлкөлөрдүн облустары менен байланыштарды чыңдаган. Алардын катарында КЭР Кызыл-Суу Кыргыз автономдук областы менен достук мамиле түзгөн.

Жогоруда аталган 2012-жылы өткөн инвестициялык форумга Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусунун губернатору Фархат Турду менен чогуу Х. Абдукадырдын иниси келген, ошондо таанышкан.

Форумдан кийин С. Жээнбеков ал экөө менен чогуу ошол кездеги өлкөнүн Президенти А.Атамбаевдин кабыл алуусунда болушкан. Кийин, 2017-жылы иниси аркылуу А.Атамбаев жана С. Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен жалпы таанышуусу болгон. Андан кийин алардын А.Атамбаев менен мамилеси кандай өнүктү, бул тууралуу Жээнбековго белгилүү эмес.

Журналисттик иликтөөдө «бул иштердин активдүүлүгү 2012-2016-жылдарга тиешелүү» деп белгиленген, тактап айтканда бул А.Атамбаевдин президент болуп турган маалы.

Коомчулукка белгилүү болгондой, 2018-жылдын 8-февралындагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдарынын ишин ачык сынга алган.

Иш жүзүндө, жалпысынан системаны жана иликтөөдө келтирилген схемаларды жаңы Мамлекет башчысы кабыл алган эмес.

Анын жыйынтыктары белгилүү — бүгүнкү күндө А.Атамбаев ага коюлган 5 айып боюнча тергөөдө.

Ар кандай күчтөр Президент Сооронбай Жээнбековду бул журналисттик иликтөөдө айтылган чөйрө менен байланыштырууга аракет кылат деген пикирдебиз.

Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун Х.Абдукадыр менен чогуу бизнес-долбоорлору болгон эмес жана жок экендигин расмий билдиребиз.

Андай байланыштары болсо, иликтөөнүн авторлору буларды тастыктаган өз жүйөөлөрүн сөзсүз келтирмек.

Материалда маанилүү аргумент катары Х.Абдукадырдын С. Жээнбековдун инаугурациясынан тартылып алынган сүрөтү келтирилип жатат. Мында элдин эмоциялык кабыл алуусуна таасир этүү аракети көбүрөөк. Бирок, бул эмоционалдык штрих дагы негизсиз.

Анткени, өлкөнүн шайланган Президенти С. Жээнбековдун инаугурациясын уюштуруу иштери, анын ичинде чакырылгандардын тизмесин түзүү жана отургузуп, жайгаштыруу маселелерин толугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин, тактап айтканда А.Атамбаевдин Аппараты тескеген.

С.Жээнбековго бөлүнүп берилген орундар чектелүү болгондуктан, ал туугандарын гана чакырган.

Белгилүү болгондой, Президент С. Жээнбеков журналисттик иликтөөлөр коомчулукка, укук коргоо органдарына жана Президентке өлкөнү өнүктүрүүгө тоскоол болгон башкы көйгөй — коррупция менен күрөшүүгө жардам берерин ар дайым белгилейт.

Ошондуктан материалда келтирилген жагдайларга көңүл бурулат.

Албетте, укук коргоо органдар материалда айтылган жүйөөлөрдү эске алат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Түркиянын Башкы прокуратурасына А. Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча ишти иликтөөдө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

А.Саймаитинин ысмы Кыргызстан менен байланышып жаткандыктан, анын Кыргыз Республикасынын жараны эмес экендигине карабастан, кыргыз тарап анын өлтүрүлүшүн иликтөө иштерине катышат.

Последние новости