www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы учурда Кыргызстан менен Тажикстан чектешкен чек арада улам чыр чыгып, ок атылып, анын арасында адам өмүрүн алган окуялар жалпы элибизди бушайман кылууда. Өлкөдөгү ар бир жаранды кайдыгер калтырбай, кабыргасын кайыштырып жатат. Бир гана кышылдап семирген Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Үрүстөмбеков ордунан копшолуп койгонго жараган жок. Өлдүбү, тирилдиби дегенге баш оорутуп койбостон олчойгон айлыкты жеп оонап, чек ара менен чатагы жок чалкалап жатат. Ооба, маселени жалгыз өзү чече албашы мүмкүн. Бирок, эки тараптагы жагдай-шартты түшүндүрүп, өз милдетин аткарышы керек эле да.
Мисалы, анын ордунда Эдил Байсалов болгондо дипломатиялык алкакта өз билдирүүлөрүн жасамак. Үрүстөмбеков мындан сырткары Тажикстандагы этникалык кыргыздардын көйгөйүнө да буга чейинки элчилердей маани берген жок. Былтыртан бери Мургаб районуна кирген ар бир кыргыз «примит» деген кагазды 1500 сомго сатып алууга аргасыз болууда. Ага да элчинин башы ооруган жок. Эки өлкөнүн жарандары 60 күнгө чейин жүрө аларын айтпай, төө кушчасынан башын кумга тыгып жатат. Мындай элчи сөрөйдүн кереги барбы?
Булак: Де-Факто