www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
75 жаштагы Алан Хэттел аттуу пенсионер капысынан өзүнүн мүрзөсүн таап алды. Бул тууралуу чет элдтик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка карганда, Шотландиянын Форфар шаарындагы Ангус округунун тургуну Хэттел өзүнүн аты-жөнү жазылган эстелик ташты капысынан таап алып, эмне себептен акыркы айларда анын достору чалып, кабарлашпай калганын түшүнгөн.
Хэттел анын аты-жөнү жазылган эстелик таш уруксатысыз коюлганын айтып, муну 26 жыл илгери чогуу жашаган аялы кылышы мүмкүн деген божомолун айткан. Бул божомолду уккан журналисттер, Хэттелдин аялына аталган иш боюнча сураганда ал жооп берүүдөн баш тарткан.
"Атайын жер сатып алып, эстелик курдурганына караганда, аялым өзүн да мага жанаша көмүлүүсүн каалаган окшойт. Кабырда анын жанында жатууну каалабайм, мен өлгөндө сөөгүмдү өрттөп салууну пландагам", — деген карыя.
Ал эми, туугандарынын бири "бул үй-бүлөлүк иш экендигин жана өз ара чечишип аларын" айтса, Ангус округунун администрациясы жер тилкесин ким сатып алганын айта албастыгын жана бул жашыруун маалымат экенин билдирген.
Белгилей кетсек, карыя 37 жыл ширетүүчү болуп иштеген, мурдагы жубайы экөөнүн ортосунда бойго жетип калган эки баласы бар.
Булак:NazarNews.kg