www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Жогорку Кеңешти жалаң соодагерлер (бизнесмендер) ээлеп алды деген сөздөр көп айтылып келет. Мунун чындыгы барбы?

—Буга биздин мыйзамдардын толук иштебей жатканы эң биринчи себеп деп ойлойм. Анткени, бизнеске эркиндик жана стабилдүүлүк керек. Тилекке каршы бизде бизнести бирөө калкалап турбаса (крыша болбосо) аларды күч органдары баса калып тоноп баштайт. Ошондуктан өз бизнестерин коргоо үчүн парламентке же башка мамлекеттик жетекчилик кызматка баргандар жок эмес. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Эгер биз адилеттүү бийликти орното алсак, мыйзамдар толук иштеп баштаса, бизнестин же бизнесмендин укугу мыйзам менен толук корголсо, салыктар так жана түшүнүктүү жолго коюлса, бир сөз менен айтканда бизнеске туруктуу шарт түзүлсө бизнес кылган кишини саясатка чакырсаң да келмек эмес. Алар өз иши менен гана алек болмок.

Памир Манас

Булак: “Де-Факто”

Последние новости