www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов 18-октябрда парламент жыйынында кыргыз мамлекетинин 2 авиакомпаниясы бар, аларга таандык 3 учактын бирөөсү гана уча алаарын билдирди. Министр өз сөзүндө: “Кыргыз мамлекетинин 2 мамлекеттик авиакомпаниясы бар. Алар: “Эйр Кыргызстан”, “ЭйрКейджи”. Азыр “Эй Кыргызстандын” бир учагы бар, ал 6 айдан бери оңдоодо жатат, аны оңдоого каражат жок.
Ал эми “ЭйрКейджиге” таандык Ту-154 борту учат, дагы бир учагы иштебейт. Биздин авиакомпаниялардын акцияларын чет өлкөлүк компанияларга сатуу боюнча сүйлөшүүлөр аягына чыкпай жатат. Биз үлүштү 75 пайызга чейин көтөрдүк. Азырынча жыйынтык жок”, – деп каңырык түтөттү.
Депутат Аалы Карашев жок дегенде ички каттамдарга учактарды алып, коопсуздук маселесин камсыз кылбаса, бүгүнкү күндө коркунуч бар экенин эскертти.
Өкүнүчтүүсү биздин жетекчилер кырдаалдан чыгуу деп баарын сатып кутулууну эңсешет. Өнүктүрүү, өстүрүү ойлоруна келбейт.
Булак: "Фабула"