www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент Эрлан Абдылдаевдин отставкасынан кийин бош калган тышкы иштер министринин креслосуна Өкмөт көрсөткөн талапкер Чыңгыз Айдарбековду 101 добуш менен бекитти.

Депутаттар айтылуу 20-кылымдын башындагы белгилүү кыргыз саясий ишмер Иманалы Айдарбековдун небересиби же жээниби дегенден бери сурашып, англис тилин билүү деңгээлинен өйдө текшеришип, министрликтин жана элчиликтердин мурда-кийин кетирген кемчиликтеринин баарын айтып, бүгүн чыгарып алышты.

«Форум» жактан сызган желдин Жогорку Кеңештеги «рупору» Ирина Карамушкина бир жумадан бери социалдык түйүндөрдөгү «истериканы» (министрди жаш, өз алдынча иштей албайт, тышкы саясатта Лавров сыяктуу «карышкырларга» тең келе албайт деген сыяктуу) парламенттеги сөзү менен «тастыктап» койду.

Карамушкинанын айтымында, Айдарбеков катуу сөз айтпаган, интеллигент адам, алэми айрым маселелерде керек болсо президент менен даталашып-тартышып, өкмөткө тиш көрсөтүп, тышкы саясатта туруштук бере алыш керек. Бирок, жаңы министр Чыңгыз Айдарбеков жоопкерчиликти толугу менен сезип жатканын жана алдыда көп жумуш турганын айтып, абдан татыктуу жообун бере алды.

Ошондо «Форум» менен Карамушкинанын логикасында дипломаттар өйдө ылдый билдирүүлөрдү жасап, Кыргызстанды бүт дүйнөгө уяткарган Кореянын элчилигинен кеткен Султановдой болушу керекпи.

Депутат Дастан Бекешев да элчилердин деңгээли жөнүндө күйүп-бышып айгып жатканда, аларды ким бул кызматтарга коюп кеткенин эсинен чыгардыбы? Тышкы саясаттагы кадрлардын бардыгы Атамбаевдин оң колу Сапар Исаковдун балдары эмеспи? Ошолордон калган «ыйык мурас» го?

Министр, же чиновник болуп эч ким төрөлбөйт. «Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет» дегендей, жаңы дайындалган министр Чыңгыз Айдарбеков акыркы жылдардагы кадрдык башаламандык жана кесипкөй эместикти жоюп, Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброюн көтөрүугө зор салым кошот деген үмүттөбүз.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Последние новости