www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан жана алыскы Катар өлкөсү. Бул эки мамлекеттин ортосундагы аскердик кызматташтык тууралуу аналитик Медербек Коргонбаев төмөндөгүчө ой бөлүшөт. 

-Жакында ЖМКларда Кыргызстан менен Катар ортосундагы аскерий-техникалык кызматташтык тууралуу маалымат тараган. Анда эки өлкөнүн аскерлеринин тажрыйба алмашуусу, Катар аскерлеринин Ысык-Көлдүн жээгинде ден-соолугун чыңдоосу тууралуу сөз болгон. Үстүртөн караганда мунун эч нерсеси деле жок сыяктанат, аскерий-техникалык жаатта Кыргызстан бир топ өлкөлөр менен кызматташып келген жана кызматташып жүрөт. Бирок, бул жерде Катардын дүйнөлүк аренадагы кадыр-баркы шек жаратат.

Википедиядан: “2017-жылдын 5-июнунда Бахрейн, Сауд Арабиясы, БАЭ, Египет, Йемен, Ливия, Мальдив, Мавритания, Комор аралдары - Катар менен дипломатиялык карым-катнаштарын үзгөн. Аны аталган өлкөлөр Катар эмирлиги терроризмди колдогондугу жана араб өлкөлөрүнүн ички саясатына аралашкандыгы менен түшүндүргөн. Кийинчерээк Иордания менен Джибути дагы Катар менен жарым-жартылай дипломатиялык алакасын үзгөн.”

Андан сырткары, Катар «Братья-мусульмане», «Аль-Каида» жана «Ислам мамлекети » сыяктуу террористтик уюмдарды каржылангандыгына шектелген өлкө катары таанылган.

Мындайча айтканда, Катар менен коңшулаш араб өлкөлөрүнүн позициясы ушундай. Ал эми Кыргызстан көптөн бери эл аралык экстремисттик топтордун көңүл чордонунда экендигин жакшы билебиз. Андыктан Бишкек өзүнө аскерий-техникалык жактан шериктеш издөөдөн кылдаттык кылуусу зарыл.

 Биринчиден, мындай кызматташтык геосаясат жаатында кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Ушул көз карашта кароо зарыл. Кыргызстан менен Катарды эмне байланыштырып турат? Бирдиктүү чек ара жок, Катар – Жакынкы Чыгыш, Кыргызстан – Орто Азия. Геосаясат жаатында такыр кесилишпеген эки өлкө. Кыргызстан каякта, Катар каята? Катар кайсыл жайдан Кыргызстандын аскерий жаатына көмөкчү боло алат? Эмнеси менен? Террористерди колдоо тажрыйбасы мененби? Андан сырткары, сырткы дүйнөлүк оюнчулар буга кандай баа беришет? Кыргызстан учурда Шанхай кызматташтык уюму жана жарандык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкө. Мына ушул уюм менен эле Кыргызстан жана Орто Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту камсыз кылса болот.

Арабдар Орто Азия аймагындагы геосаясат талаасында эч кандай таасирге ээ эмес. Орто Азия - АКШ, Россия жана Кытайдын кызыкчылыгындагы аймак. Өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери Вашингтон, Москва, Пекин Кыргызстандын аскерий-техникалык жаатына колдоосун көрсөтүп келет. 2011-жылдан бери Москва өлкөнүн куралдуу күчтөрүн, чек ара кызматын  түрдүү курал-жарактар, техника менен камсыз кылып келет. Пекин дагы карап отурбастан ички иштер министрлигинин кызматкерлерине экипировка, брондолгон унааларын белекке берип жүрөт. Вашингтон деле ошондой иштер менен алек. Ошондуктан, Кыргызстандын жетекчилиги Катарды аскерий-техникалык жактан шериктеш катары кабыл алуудан мурун, геосаясаттын өзгөчөлүктөрүн баамдап, андан кийин гана кадам кылышы шарт.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости