www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кубада жаңы президент шайланды

Кубанын Улуттук ассамблеясы өлкөнүн президенти кылып Мигель Диас-Канелди шайлашты.

Кубанын президенттигине 17 талапкер ат салышкан. Анын ичинен эң көп добуш алган Диас-Канель болгон. Ага 605 депутаттын 579у добуш берген.

1976-жылы Кубада президенттик кызматты жоюп салышкан, өлкө башчысынын милдетин Мамлекеттик кеңештин төрагасы аткарчу. 2019-жылдын башында өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынып, президенттик кызмат калыбына келтирилген. Президент парламент тарабынан 5 жылга шайланат жана анын мөөнөтү 2 жылдан ашпайт.

Мигель Диас-Канель Мамлекеттик кеңештин төрагасы катары 2018-жылдын апрель айынан бери өлкөнү башкарып келе жаткан.  Коммунисттик революциянын учурунан бери Кубаны башкарган Кастролордун үй-бүлөсүнө тийиштиги жок биринчи адам.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости