www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ангел Меркелдин жылдык кирешесин сомго которгондо, 23 миллон сом болсо, ал эми биздин президенттин жылдык кирешеси 2017-жылы 892 миң сомду түзгөн.
Келиңиздер эми, жылына 23 миллон сом айлык алган Ангел Меркелдин кандай үйдө жашаарын жана кеңсеси кандай шөкөттөлгөнүн көрөлү. Айлык маянасы көп болгону менен, Ангел жупуну эле үйдө жашайт экен көрсө. Германиянын канцилеринин үйү Берлиндин борборундагы Am Kupfergraben деген аталышындагы карапайым элдер жашаган квартиралардын биринде орун алган.
Эч кандай кароолу, бийик тосмосу жок, сары өңдөгү бул үйдө Ангел көп жылдан бери жашап келет. Ал эми азык түлүктү жупуну эле супер маркеттердин биринен кароолчулары менен өзү сатып алат. Эң эле кызыгы, баштыгын үйүнөн көтөрүп келип, ашыкча азык түлүк сатып албайт деп сатычуулар таң калуу менен айтышкан. Ал эми шаардан алыс эмес жайгашкан бул дачага, жолдошу менен эс алууга келип турушат.
Мына бул үйдө Ангел Меркелдин балачагы өткөн. Сиздер байкагандай бул жактада эч кандай бийик-бийик тосмолор же кооздуктарды көрбөйсүң. Жөнөкөй эле багбанчынын үйүнө окшош.
Жумуш бөлмөсүндө эч кандай кымбат же байлардыкындай стилдеги эмеректер жок. Болгону жумушуна керектүү Шредердин убагындагы узун столду көрүүгө болот. Ангел Меркель эч качан бөлмөсүндөгү эмеректерге нааразы болгон эмес.
Ал эми сиздер, биздин бийликтегилер ушундай айлык алса, Ангел Меркелдей жашайт деп ойлойсуздарбы?
Булак: NazarNews.kg