www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы жылдан тартып Кыргызстанга чет элден кире турган унаанын бажы төлөмү 10 эсеге жогорулаганы турат. Мындан ары Кыргызстандыктар Япония, Германия, АКШнын сапаттуу унааларынын ордуна Россияда өндүрүлгөн “дохлый” унааларына отуруп калуу коркунучу алдында тургандыгы зээнди кейитет тимеле.

Бирок, кантсе дагы өчпөс үмүт бар. Жанданып турат. Дегенибиз, эртең, 19-ноябрда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин биргелешкен комиссиясынын жыйыны Москвада болуп, анда КРнын Экономика министрлигинин өтүнүчү каралат.

Ал жакта кандай өтүнүч?  2020-жылдан тарта өлкөгө үчүнчү мамлекеттерден киргизиле турган унааларга бажы төлөмдөрүн көтөрүү процедурасына жеңилдик мөөнөтүн узартуу өтүнүчү. Эгерде ЕАЭБ биргелешкен комиссиясынын жыйынында Кыргызстандын өтүнүчү колдоого алына турган болсо анда Кыргызстандыктар үчүн иш оңунан чечилгени турат. Андыктан, ар бир айдоочу немец, япон, американец тулпарынын жанына барып, кудайдан тиленип, дуа кылсаңыздар болот...

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости