www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019-жылдын июль айында Ноокен РИИБге район аймагынын 4 жараны малы жоголгондугун айтып арызданышкан.
Алардын бири О.Ж. 10- июлдан 11-июлга караган түнү базар баасы 12 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү торпогу, А.Н. аттуу жаран 19-июлда түш чендерде базар баасы 15 000 сомдук бир баш кызыл-күрөң түстөгү торпогу, М.Х. 20-июль күнү күндүзү базар баасы 16 000 сомдук бир баш ак сары түстөгү торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү сураган. Бул арыздардын бардыгы Нокен РИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 200-беренеси “Уурдоо” менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Дагы бир Ноокен районунун тургуну А.А. милицияга кайрылып, 19-июль күнү саат 10:00 чамасында аркандап койгон базар баасы 8000 сом болгон торпогун белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкендигин билдирген.
Бул факты боюнча КРнын Жоруктар жөнүндөгү кодексинин 90-беренеси “Орчундуу эмес өлчөмдө уурдоо” менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Сотко чейинки өндүрүш иштеринин негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө, тергөө амалдарынын натыйжасында аталган кылмыштарды жана жосунду жасаганга шектелип Ноокен районунун тургундары 1992-ж.т. П.Ш., 1995-ж.т. Т.И., 1998-ж.т. А.С. жана Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну С.С. экендиктери такталып, изин жашырып жүрүшкөн жеринен ноябрь айынын башында кармалып, тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.
Тергөөдө шектүүлөр уурдалган малдарды жакынкы райондордогу мал базарларларга алып барып сатып жиберишкендиги белгилүү болгон. Учурда соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары толугу менен жүргүзүлүп, алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу такталууда, деп Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Булак: NazarNews.kg