www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук энерго холдингдин жетекчиси Азамат Абдыкадыров Жогорку Кеңеште өзүнүн канча айлык алаарын билбегендей аңкоолонду. Эл өкүлдөрүнүн канча айлык алаарын сурашканда, бирде 40 миң сом, бирде 80 миң сом, бирде 100 миң сом деп ар кайсынын башын айтып, түз жооп бербей коомчулуктун башын айлантып чаргьпты.
Башкача айтканда, так канча айлык алаарын жашырып, аңкоолонду. Өзү эле эмес депутаттарды дагы «жинди» кылды. Бир да эл өкүлү мындай шылдың үчүн Абдыкаровдун жоопкерчилигин кароо тууралуу маселе көтөрүшкөн жок. Ал эми Энерго холдингде 48 адам иштээри, бюджети 74 миллион сомдон ашаары айтылды.
Көрсө, бюджети 24 миллион сом турган Энергетика министрлигин жоюп, Энерго холдингди түзүүнүн максаты ушунда тура. Демек, айлыгын сыр кылып жашырган Абдыкаров майталкандын үстүңдө кылгырып жүргөн экен...
Карапайым калк болсо Бакиевдердин учурундагыдай свет өчүрүү өнөкөтүнө кайрадан туш болууда.
Булак: "Ачык саясат"