www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1. Сооронбай Жээнбеков, КРнын президенти;
2. Адахан Мадумаров, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери;
3. Дастан Жумабеков, КРнын Жогорку Кеңешинин спикери;
4. Канат Исаев, “Кыргызстан” партиясынын лидери:
5. Алмазбек Атамбаев, КРнын экс-президенти, КСДП партиясынын лидери;
6. Роза Отунбаева, КРнын экс-президенти;
7. Бакыт Төрөбаев,“Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери
Кыргызстандын бүгүнкү саясый айдыңы Куликов талаасындагы согуш болор алдындагы жымжырттыкты элестеткен менен саясатчылар 2020-жылы боло турган Парламенттик шайлоого азыртан шайма-шай даярданышууда. Бийликтегилер өз позициясын бекемдеп, ким менен “чоң казатка” аттанарын аныктап, жеңилген учурда дагы жерге түшпөш үчүн оппозиция менен бу-позицияга чабармандарын бирдей чаптырууда. Бирок ошол оппозициянын тылында азыр эч ким көрүнбөйт. Камалгандан калган эски бийликтин экс-чиновниктери баары эле Акүйдү ай караган текедей карашып, бойго жеткен кыздай “колумду сурап калабы” деген кыял менен отурушат. Ошондуктан азырынча “вакансиясы” бар оппозициянын тылын жалгыз эле Адахан Мадумаров ээлеп, бийликти баягы эле калемпирдей ачуу сөздөрү менен сындап атат.
Бирок бул ирет улам эле сүткө оозун күйгүзгөндөй алданган эл миң сомго да, батинкенин бир жубуна да, кала берсе жалган убадаларга деле алданчудай түрү жок. Ал тургай шайлоо учурунда ачыткыдай быжырап кайнаган трайбализм, регионализм сыяктуу былык, чылыктарды картадай ойногон фокустардын да күнү бүткөн сыяктуу. Канткен менен бир ай “Асмандагы айды алып берем деп убада кылып, ошону менен беш жыл өзүн эмес, сүрөтүн да көрсөтпөгөн, Ак үйгө келсе, “көлөчүң менен тер жыттанган көйнөгүң менен кирбе.дресс кодду сакта. Депутат шайлоочуларга отчет берүүгө милдеттүү эмес” деген кемсинткен сөздөрдү, жалган убадаларды угуп, депутаттардан көңүлү үч көчкөн журттай калган шайлоочулар муштумун кезеп, тишин кычыратып турган кербези.
Анда эл эки жылдан кийин кимди ээрчип, кайсыл лидерди туу тутуп, анын партиясына добуш берет? Биз бул суроонун жообун табуу үчүн ушул сандан тартып белгилүү саясатчылардын рейтингин аныктоо максатында окурмандарга кайрылуудабыз. Алгачкы ирет кыргыз элинин “жетинин бири кыдыр” деген накыл кебин туу тутуп, өлкөбүздөгү белгилүү жети саясатчынын тизмесин берүүдөбүз. Сиз төмөндөгү ватсап номери аркылуу өзүңүз тандаган саясатчыга жөн гана “колдоймун” деген сөз жазып коёсуз (0772-522742). Тескерисинче, “колдобоймун” деген да добуш бере аласыз. Сиздердин добушуңуздар аркылуу саясатчылардын рейтинги аныкталып, жума сайын артта калгандары тизмеден чыгарылып турмакчы. Эмесе, кеттик:
Булак: "Жаңы Ордо"