www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кудай деген адамдар арбакты сыйлаш керек го деген ой келет. 2010-жылы революцияда курман болгон баатырлардын арбактары тынч жатпас болду. Алардын атынан түзүлгөн коомдорду жөн койбой, жетекчилерине карата бийлик тараптан кысымдар болууда. Атамбаевдин позициясын колдоп келген "Айкөл Ала-Тоо" коомунун жетекчиси болуп келген Мээрбек Мискенбаевди коомдон кетирүүгө алгач аракеттерди башташкан.
Андан соң, Амантур Жамгырчиев деген жигит жетекчи болгон. Ал дагы Атамбаевдин позициясын колдоп туруп алды эле, эми ага карата куугунтук башталды. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жардам катары берилген көмүрдү шылтоо кылышып, психологиялык басым кылып жатышкандай. Үйлөрүнө чейин барып машинеге салып кетип жатышыптыр. 11 саат сурак тынымсыз журүп жаткандын өзү эле мыйзамдан четтеп чыккандык. Адам укугуна доо кетирип, тебелеп-тепсегендик эмеспи?
Биздин өлкөдө адам укугу ушинтип корголобу? Тамак берилбей, 11 сааттап сурак жүргүзүшөбү? Буга эл аралык бей өкмөт уюмдары маани бериш керек го ыя? Бүгүн Мискенбаев, Жамгырчиев. А эртең ким?!
Булак: "Ачык саясат"