www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алтынбек Сулайманов деген өзүнчө Ошто авторитети бар, кадыр-барктуу депутат бар ЖКда. Ошол жигит негедир азыркы Жээнбековдун бийлигине ичи чыкпай жүргөн сыяктуу. Көрөгөч жигит эмеспи, бир нерсени байкап, сезип жаткандай. Ал кечээ жакында Конституцияны өзгөртүүгө каршы экенин билдирип, бир нече себептерин атап берди.
Ошондой эле Конституция өзгөртүүтө муктажбы деген маселенин үстүңдө анализ жасап жатканын маалымдады. Баш мыйзам карапайым элдин жашоосун жакшыртууга болгон аракеттерде гана өзгөрүшү керектигин, бир кишинин же бир топтун саясий кызыкчылыгы үчүн өзгөрбөшү керектигин белгиледи.
Азыркы заманда өз пикирин парламентте коркпой айтканга да жүрөк керек эмеспи. Сулайманов ушундай жол менен кете берсе, түштүктүк саясатчылардын ичинен топ жарган күчтүү лидерге айланып кетиши толук мүмкүн.
Булак: "Ачык саясат"