www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мирлан Бакиров деген депутат кечээ ойдо жок жорукту баштап, коомчулуктун тепкисинде калды. Ал өкмөт башчы, спикер болгон адамдарды жана алардын үй бүлөсү өмүр бою мамлекеттин камсыздоосунда болушу керек деген мыйзам долбоорун сунуштады.
Албетте анын бул жоболоңдуу жоругу социалдык тармактарда чуу жаратты. Айрымдары аны, "башы ордундабы?" дегенге чейин барышты. Мындан улам, Эл өкүлү сунуштаган мыйзам долбоорун кайтарып алууга аргасыз болду. Уят эле. Карапайым элдин маселеси чечилбей жатса, спикер менен премьер министрдин кийинки жашоосуна кам көрүп жатканы аргасыз күлкүңдү келтирет. Аман эле болчу байболгур!
Булак: "Ачык саясат"