www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин СДПК фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева "Азаттыкка" берген маегинде, Темир Сариевге карата резонанстуу маалыматты ачыктап кетти. "Атам Жыргалбек Сурабалдиевди заказ менен атып кетишкенден кийин, ошол кездеги депутат Темир Сариев атамдан калган мүлктөрдүн бирин, тагыраак айтканда чакан бизнестерибиздин бирин тартып алууга аракет жасады. Ал ачык эле айтты мага, "сенин колуңдан эч нерсе келбейт, мен депутатмын. Акыры алчумду алам" деди. Ал спорт интернатында окуган да. Спортсмендерди жиберип коркута баштады. Мен аябай капа болдум. Сариевди шайлоодо ыраматылык атам аябай колдогон. Сариев биздин жердешибиз болот. 150 адам эмгектенген компанияны тартып алууну көздөп жатканда, мен кызматкерлерге ачык айттым. Ишкананы жабууга аргасыз болуп жатканымды билдирдим. Ошондо аксакалдар, "кызым ачууга алдырба, бир жума убакыт бер, биз чечебиз" дешти. Ошентип ал маселе токтоп кадды" - деп билдирди Сурабалдиева.
Албетте Эльвира айым бул маалыматты буга чейин ачыктаган эмес. Эмне үчүн? Эмне тоскоолдук болгон? Эмне себептен азыр ачыктап жатат? Мунун артында кандай сыр болушу мүмкүн? Деги эле Сариевдин бул маалыматка жообу кандай болот? Бирок ал азырынча жооп бере элек. Сариев депутат болуп турганда, мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, рейдерлик менен аракеттенгенби? Эльвира Сурабалдиева айткандай, анын атасы жоктугунан, жаштыгынан улам пайдаланып, кысым көрсөткөнбү? Эгер бул маалымат чын болсо, Сариевдин уяты жок экен. Эгер калп болсо Сурабалдиева калпычы болуп калат. Сурабалдиеванын маалыматынан кийин коомчулуктун Сариевге болгон ишеними басаңдап калбайбы? Сариев рейдерби же коомдук ишмерби?
Булак: "Ачык саясат"