www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова 9-декабрга чейин үй камагына алынды.

Мындай чечим 10-октябрга караган түнү кабыл алынды.

Адвокат Канат Хасановдун айтымында, Кодуранова үй камагына “чектөөсүз” деген аныктама менен чыкты, башкача айтканда, ал түнкүсүн гана үйүнөн чыга албайт, андан башка чектөө болбойт.

Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелип жатат.

Быйыл 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармоо операциясы жүргөн. Анын тарапташтары күч органдары менен кагылышып, бир офицер каза болгон. Ар түрдүү жаракат алган 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын жыйынында Кодуранова ошол окуялардын чордонунда жүргөндөрдүн бири экени айтылган. Ал азыр камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын санаалаштарынын бири. 

Последние новости