www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БОЛГОН ОКУЯ: "Аманатка кыянат кылба..."

Биздин айылдын тээ төмөн жагында туурасынан чоң канал кетет. Ошол каналдын ары жагында чоң жайык жер бар. Мен бала кезде ошол жерде узунунан кеткен чоң көчө бар болчу. Менин балалык курагымдын баары ошол жакта өттү. Азыр ал жерде үйлөрдүн түп орду менен жок, эгин талаа болуп калган.

Үч айылды бириктирип, бардыгын ортого көчүрүп бир айыл кылып таштаган. Биз жашаган үйлөрдүн бардыгы бузулуп, акырындап жоголуп отуруп эгин талаасына айланып кеткен. Кийинки муун бул жерде бир убакта көчө болгонун бири да билбейт. Мен кимдин кайсыл жерде болгонун, кандай болуп салынганын эң жакшы билем. Мен анда али секелек бала болчумун. Ошондо биздин үйдө бир окуя болуп кеткен, ошол окуя бүгүнкүгө чейин али эсимде.

Атам ал кезде азыркы менин курагымда болсо керек эле. Чоң атам болсо жетимиштен өтүп сексенге чукулдап калган карыялардан болчу. Ак сакалы жайкалып, дайыма башында ак калпак, чапан нукура кыргыздарды элестетип турчу. Бир жолу биздин үйдө бир той болгон, эмне той экенин эстей албай калыптырмын.

Кыскасы, үйүбүзгө меймандар аябай көп келген. Коноктордун бардыгы кетип бүтүп үй ичи тынчып калгандан кийин чоң атамдын өзүнчө наалып сүйлөп жаткан үнүн уктум.

-Тобо, ал бычак каякка кетиши мүмкүн. Же коноктордун бирөөсү  кызыгып  жымырып кеттиби?

-Андай   болушу   мүмкүн эмес, Кудайдан коркушса боло, сыйыбызды көрүп алып, ичип-жеп тоюнуп, ойноп-күлүп көңүл ачып анан жымырып кеткени Кудайга да жакпас.

Үйдүн бир бурчунда бир жерде жатат болуш керек, - атам өзүнчө актанып жатты.

-Аны  өзүң  алып  жүрдүң беле?

-Ооба, тойдо ызы-чууда бир жерге койгондой болгом, эстей албам жатам.

-Анда эсте жакшылап, издеп тап. Ал деген эмне бычак экенин билесиңби? Ал деген тээ ата-бабабыздан бери колдон-колго өтүп келаткан, чоң аталарыбыздын чоң аталарынан бери улам кийинки алдарына өтүп мурас болуп келаткан бычак. Чоң атабыздын чоң аталарынын чоң аталары соода кылып жүрүп Кытайдан зергер устага жасатыптыр. Ал канжар баладан балага өтүп, атадан баласына, небересине, чөбөрөсүнө өтүп мына бүгүнкү күнгө бизге чейин сакталып келди. Ал деген жөн бычак эмес мурас бычак. Мен аны сага калтыргам, сен деген аны тигил уулуңа калтырышың керек, уулуң болсо небереңе калтырып уланып кете бериши керек. Кандай болсо да тап, ал жоголбошу керек, - чоң атам аябай эле наалып өзүн да, уулун да жемелеп жатты.

Анан биз үй-бүлөбүз менен жабыла издедик. Ал дайыма сандыктын түбүндө боло турган эле. Той-топур болгондо гана ошол бычак менен мал союлуп, эт тууралып, устукандалып, той бүткөн соң кайра ордуна салып коюшчу. Бул жолкусунда атам эмне шалаакы кетирди билбейм, айтор, бардыгыбыз издебеген жерибиз калган жок. Бычак башында оозун ачып азуусун көрсөтүп турган илбирстин келбети бар аябай көркөмдөлүп кооз жасалган. Атам аны эч кимге деле мактанып көрсөтчү эмес. Бардыгыбыз аны аябай эч нерсени калтырбай издеп таптакыр таба албай койдук. Тим эле жер жутуп кеткенсип жок. Чоң атамдын "ушул мурасты сактай албадым" деп наалыганын айтпа. Ал гана эмес бардыгыбыз буга аябай кейип-кепчидик.

Канчалык кайгырганыбыз менен, кейип-кепчигенибиз менен, издегенибиз менен баары бир аны издеп таба алган жокпуз. Ошентип күндөр өтүп, көр тирликке алаксып дегендей, ал бара-бара унутула баштады. Чоң атам гана кээде эстей калганда кейип-кепчип өзүнчө сүйлөнүп калаар эле. Бул үчүн атам дагы өзүн аябай күнөөлүү сезип жүрдү. Аны баласы мага мураска калтырып колума өткөрүп бермек болчу да өткөрө алган жок. Ошентип мурас бычак дайынсыз жоголду. Өзүнчө наалып жүрүп чоң атамдын дагы көзү өтүп кетти. Андан соң атам оо дүйнөгө сапар салды. Мен болсо чоңоюп, эрезеге жетип үйлөнүп-жайланып дегендей, үй-бүлө күтүп балалуу болдум. Кез-кезде ошол бычакты эстеп коём "мурас кылып уулума бермек экенмин" деп. Анан бара-бара ал таптакыр эстен чыгып кетти.

Ошол мурун биз жашаган жер эгин аянты болуп калган деп айтпадым беле. Кечке маал ошол жерге тоодон уйлар кайтып келишет. Менин уулум уй тоскону барат, анан аны үйгө айдап келет. Жаз мезгили болчу, жер айдоосу казылып бүтүп, бирок эгин себиле элек эле.

Бир күнү уулум темир жащикчени көтөрүп келиптир "Ата, муну мен эгин аянтчасынын жанынан таап алдым. Соко айдаганда чекеси чыгып калса керек. Ичинде бир нерсе жүрөт ача албай койдум". Карасам темир жащикче көзүмө аябай жылуу учурап кетти, бирок кайдан көргөнүмдү эстей албадым. Ал дат басып ичи ачылбай калыптыр. Ага май сүйкөп, датын тазалап акыры ачып алдым да көргөн көзүмө өзүм ишенген жокмун. Силерге калп, мага чын, тобо, ичинде баягы атам жоготкон бычак жүрөт. Уулум так эле мурун биз жашап өткөн үйдүн жанынан таап алыптыр. Анча-мынча дат басып баратканы болбосо, бычак ошол эле боюнча экен.

Кубанганымды айтпа, аны аябай тазалап жаңы кылып мурунку калыбына келтирдим. Анан бул бычакты бизге мурас кылып калтырып кеткен ата-бабаларыма, чоң атама, атама атайын кан чыгарып кой союп кошуналарымды, жакындарымды, тааныштарымдын бардыгын чакырып куран окуттум.

Азыркыга чейин Кудайыма тобо кылам, ал уулума баары бир буйруптур. Ал чоңойгондо ага бардыгын түшүндүрүп айтып, чоң атам менен атамдын бизге калтырган мурасын ага салтанаттуу тапшырам. Дагы кой союп ата-бабаларга куран окутам. Уулум болсо али жаш, бул бычак тууралуу анча билбейт, ага жакшылап түшүндүрүп айтам. Ал баласына мураска калтырат, ошентип бул мурас бычак атадан балага уланып кете берет, Кудайыма тобо.

Булак: ШАМБАЛА

Последние новости