www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АША өзү ашап, бирок аны Жээнбековго шылтагысы келген

2010-жылдын 7-апрелинде Бакиевдин заманына чекит коюлгандай, ушул жылдын 8-августунда Атамбаевшинанын доору биротоло аяктады. Ага Кылмыш Кодексинин 12 беренеси боюнча айып коюлууда. Алардын ичинде адам өлтүрүү, бир нече адамдын ден соолугуна оор зыян келтирүү, мыйзамсыз курал-жарактарды сактоо, массалык баш аламандыктарды уюштуруу сыяктуу оор беренелер бар. Тергеп-тескеп, иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аларга дагы жаңы беренелер кошулушу мүмкүн. Анткени, жогорку чыңалуудагы Датка-Кемин электр чубалгыларын, Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу сыяктуу ири долбоорлордогу, тоо кен байлыктарын иштетүү боюнча башаламан таркатылган лицензиялардагы, дагы башка шектүү иштердеги анын ролу териштириле да элек.

Анын саясый атаандаштарын адам оозго алгыс сөздөр менен мазактап, шылдыңдагандары үчүн деле 5-6 кылмыш ишин козгосо болот. Кыскасы, эми анын калган өмүрү темир тордун ар жагында өтөт окшоп калды. Экономикалык кылмыштар үчүн убагы келгенде аны амнистия менен мөөнөтүнөн мурда чыгарып жиберсе болот, бирок снайпердик винтовка менен бир адамды өлтүрө атып, төртөөсүн оор жарадар кылгандыгы толук далилденсе, аны цивилдүү дүйнө эч качан кечирбейт. Эмне үчүн ал мамлекет башчылык деңгээлден террористтин абалына чейин жетип, өзүнүн мурдагы өмүрүнүн, аздыр-көптүр жасагандарынын, инсан катарындагы аброюнун бардыгын жокко чыгарып салды?

Атамбаевдин планы - пенсияга чыккандан кийин да резиденцияда жатып алып, Сапар Исаковду иш жүзүндө мамлекеттин бийликтин биринчи ордуна чыгарып, Сооронбай Жээнбековго Англиянын королевасындай ритуалдык расмий функцияларды гана калтырып, “балашкасы” экөөсү Кыргызстанды башкара берүү эле.

Ал ички, тышкы саясатты аныктап, кадрларды тандап, “балашкасына” буйрук берсе, анысы лепилдеп аткарып турмак. Ошон үчүн ал аракеттеги президент кызматына киришкенден кийин эле андан саммиттерге барбоону, ордуна премьер-министр Сапар Исаковду жиберүүнү, аны менен сүйлөшкөндө өзү төрдү ээлебестен даражасы тең адамдай маңдайлаш отурууну, сыйлыкты КСДПчылардын сьездине алып келип тапшырууну талап кылган. Эгерде анын талабы аткарылса, Баш мыйзамда мамлекеттик бийликтин эң башкы кызматы президент деп эсептелген менен иш жүзүндө премьер-министр биринчи орунга чыгып, мамлекет башчысы анын канцелярия башчысынын гана милдетин аткарып калмак.

АШАнын Баш мыйзамды бузуп, кызматтан кеткенден кийин да жакындары менен бийликти биротоло узурпациялап алуу аракети ошондо эле башталган. АША С.Жээнбековду “досум эле” деген менен иш жүзүндө дос катары мамиле кылган эмес, аны убактылуу тактекенин ролунда гана көргүсү, бир нече жылдан кийин аны кызматтан кетирип, ордуна “балашкасын” түрткүсү келген. Ал 2017-жылы деле балашкаларынын бирин түртмөк, бирок алардын өтөөрүнө, элдин колдооруна ишенген эмес. Анын планында С.Жээнбеков адегенде эле утурумдук фигура болчу, бирок аракеттеги президент да аны тез эле түшүнүп, андай ролду аткаргысы, элге жаман көрүнүп, кудай жолунан чыккысы келбегенден улам ал план ишке ашпай калды. Дүйнөлүк саясатта окутуучусу менен окуучусунун, лидер менен мураскорунун жолдору эки ача болуп кеткен учурлар аз кездешпейт. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш, ар мамлекет башчысы өзүнүн жолу менен кетиши керек. Ошон үчүн мөөнөтүндө шайлоолор өткөрүлөт. Бирөөлөрдүн колдору менен кылгылыктын баарын кылып, анын жаманаттасына да калтыруу достун кылар иши эмес. АША бийликтен кеткенден кийин да мурдагыдай коррупциялык иштерди керегинче жасап, бирок жаманаттыга аракеттеги президентти калтыргысы же Сооронбай Жээнбековду орустар айткандай, крайный кылып, жебеген самсасы үчүн пул төлөткүсү келди эле, анысы таш капты.

АША алгачкы сыноолордо эле адекваттуу эместигин көрсөттү

Акыркы чейрек кылымдан ашык убакыттан ичинде АШАнын кылбаганы калбады. Адабий фондуга жетекчи боло коюп өзү бир кезде “жаш балдардай баёо” деп аямыш болгон акын-жазуучулардын эч нерсесин калтырбай тоноду. Өлкөдөгү башка чыгармачыл союздардын бардыгы кыймылсыз мүлктөрүнүн көбүн сактап калышты. Алсак, сүрөтчүлөр, композиторлор, архитекторлор кеңселеринде эле отурушат, ал эми Атамбаев жазуучулардын кафесине, эс алуу үйүнө чейин тоноп алды.

Ага кошо Чыңгыз Айтматовдун аркасы менен акын-жазуучуларга жүз элүү батирлүү көп кабаттуу үй куруу үчүн Москвадан бөлүнгөн 60 миллиондой рублди жалмады. Беш ири заводду иштетем, өндүрүшүн кеңейтем деп алган менен келишимдеги өзүнүн милдеттенмесинин бирин да аткарган жок, иш жүзүндө станокторун, жабдууларын металл сыныктары катары саттырып жок кылды. Саясый атаандаштарын дайыма маскаралап, мазактап келди. Анысы президент болуп турганда өзгөчө күчөдү.

Бирок, акыркы чейрек кылымда бир да мыйзамсыз иши үчүн жоопкерчиликке тартылмак түгүл, катуураак эскертүү да албады. Ошондуктан анда “Кыргызстанда эмне кылсам, өзүм билем, мендей күчтүү адам жок, баары менин каалагандарымды аткарышы керек, менин эрким мыйзамдан да жогору, кылмыш жасасам да жооп бербейм”- деген ишеним, ашкере менменсинүү бекем калыптанып калгандыктан Сооронбай Жээнбековдун өз жолу менен кеткендигин өзүн маскаралап, кемсинткендей, ал үчүн акыр заман, кыямат кайың келгендей кабылдады.

Адамдын ким экендиги оомат тайганда билинет

Адамдын чыныгы насил-наркы, ким экендиги жакшылыктарда, ийгиликтерде эмес, башына иш түшкөндө, сыноолордо билинет. Жакшылыктар, ийгиликтер адамдан кубанычтан, күлкүдөн башка эч нерсени талап кылбайт, ал эми бийликтен, таасирден биротоло ажырап, жалгызсырай түшкөндө да сабырдуу болуп, сыр бербей жүрүү үчүн адамда чыныгы адамкерчилик сапаттар, адеп-ахлактык бекем өзөк, уят жана намыс болушу керек. АШАда андай нерселердин көбү жок экендиги 2018-жылы 31-мартта сүйлөгөн сөзүндө эле билинген.

Адегенде ал аракеттеги президентти опузалап, коркутууга аракеттенсе, кийин биротоло тили заар ажаан аялдардын деңгээлине түшүп кетти. “Мунафык”, “айбан”, “каапыр”, “колхоз”, “арак ичет”, “чөнтөк телефонду пайдаланганды да билбейт”, “башкарма”, “Кыргызстан колхоз эмес”- деген сыяктуу сөздөрдү айылдагы чала сабат ажаандар гана айтышы мүмкүн, булар экс-мамлекет башчысы түгүл, экс-базаркомдун деңгээлиндеги да сөздөр эмес.

АША өзүнүн андай жоруктары менен өлкөдөгү саясый маданияттын гана эмес, журналистиканын деңгээлин да белгилүү өлчөмдө төмөндөтүп жиберди. Гезиттер аргасыз анын “көтани”, “сасыктар”, “ганнибалдар”, “мародёрлор”, “кузгундар”, “акшакалдар”, “кутурган чөөлөр”, “Мюнхгаузендер”, “козёлдор” - деген сөздөрүн кайталап жатышса, журналистикалык маданияттын, этиканын деңгээли түшпөгөндө, кайда барат? Тилекке каршы, андай сөздөрдү мамлекет башчысы, анан экс-президент айтып жаткандан кийин кайталап, комментариялабай койгонго да болбойт.

АША айласы кеткенде президентке Ф.Ниязовду баш кылып, эки-үч депутатты салып, ымалага келишүүгө аракеттенгендиги да чындык. Ага чейин АША аракеттеги президенттин ички иштерине, кадрдык чечимдерине чейин кийлигишип, жолуккан жерлерде ар кандай опузаларды айтып, мазактап, биротоло жинине тийип бүтсө, анын үстүнө ашкереленген коррупциялык жаңжалдардын бир учтары ага барып такалып жатса, эмне үчүн аракеттеги президент жөнөкөй этика, нормалдуу жүрүм-турум эмне экендигин билбеген, коррупциянын анабашчысы экендиги ашкереленип жаткан адам менен элдешүүсү керек эле ?

Аракеттеги президент коррупцияга каршы элдешкис күрөш жарыялагандан кийин экөөсүнүн жолу элдешкис болуп, биротоло эки тарапка кеткендигин АША убагында түшүнгүсү келбеди. Бузулган адам башкаларды да өзүндөй ойлойт, “... кайын эне келининин актыгына ишенбейт” деген чын. АША да Жээнбековду “мага окшоп акчанын жыты билинсе эле, кай жакка да болсо кете берет -  деп ойлосо керек.

Тукумдарына да кандуу эн тамга болуп калат

АША жөн эле дөөлөтүн көтөрө албады, жогорку бийликке кокустан эле временшиктер деген авантюристтер алып келип коюшкандыгын, чындыгында андай кызматтын жарымына да татыксыз экендигин көрсөттү. Ал мамлекеттеги эң жогорку постто турганда башка бир катар өлкөлөрдүн жетекчилерине да тийишип, Кыргызстандын абийирин кетирди, көйгөйлөрүн көбөйттү. Жок дегенде Б.Ельциндей болуп, кызматтан кеткенде татыктуу жүргөндү да билбеди.

Элдин биримдигине, ынтымагына доо кетирди. АШАнын аябагандай эле акчасы көп. Орто оокаттуу адам эки теле студияны, 3 гезитти, ондогон саясый технологдорду, аккаунтчуларды жалдай алчу беле. Мазактап, каргап шилегендерине аракеттеги президент көңүл да бурбай койгондон кийин өзүнө караштуу ЖМКларда Сооронбай Жээнбековго каршы аябагандай ыплас кара пиарды баштады. Анын карамагындагы ЖМКлар гана эмес, жалданган троллдор, фейктер, аккаунттар социалдык тармактарда алдары жетишинче кара боёк менен шыбап жатышты. Ал жерде нелер гана жазылбады! Жердешчил, тууганчыл, бир да фактысы жок туруп коррупционер да дешти. Чүйлүктөрдү кээде ачык, көбүнчө кыйыр түрдө түштүктөргө тукурду, кайраштырды. Атүгүл түштүктөн чыккан кадрларды Жээнбековдорго кайраштырып да көрдү.

Ошолор деле айрым ЖМКларга, социалдык тармактарда отургандарга укуктук чараларды көргөнгө ашыгы менен жетишмек, бирок бийликтегилер “кербен жүрөт берет...” деген принципте ага теңелишпеди, биздин оюбузча, жөн эле булгангылары келишпеди. Анан АША өзү кылгандардын бардыгын аракеттеги президентке төңкөй салганга да аракеттенди, бирок ал да максатына жетпегенден кийин Кой-Таштагы хан сарайына элди чогултуп, жылкыларды, букаларды, койлорду союп сыйлап, курал-жарактарды чогултуп, ачыктан ачык мамлекеттик төңкөрүш жасаганга даярданганга өттү. Ошондо келгендердин ар бирине күнүгө 1-3 миң сомдон таркатылып тургандыгын УКМКнын жетекчиси айтты, ал АШАнын баласы Сейитбектин кайнатасынын үйүнөн табылган документтерде ырасталды. АША оюнда, “бийлик кайдыгер карап тура берсе, элди чогултуп, сыйлап, акча тарата берсем, күндөн күнгө катарлары көбөйө берет, бийлик унчукпаган соң, эки анжы болуп тургандар да мен тарапка өтүшөт, анан болжогон санга жеткенде аларды бир күнү Ак үйдү штурмалаганга ээрчитип жөнөйм” - деп турган. Бирок, ал тилеги таш каап, канкор адам өлтүргүчкө айланды.

Өзү гана эмес, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгына эн тамгадай жабышкан ал такты эки дүйнөдө да жууп кетиргенге мүмкүн эмес. Дагы көптөрдүн кандарын төгүп, мамлекеттик бийликти дагы бир жолу күч менен басып алууну эңсеген, уят-сыйыт, намыс, ынсап, тормоз деген эмне экендигин билбеген АША жакында өз энчисин укуктук жактан алат, тарыхка адам өлтүргөн канкор катарында кирип калат. Анын афералардан арылбаган тополоңдуу турмушу ушундай эң кейиштүү финал менен аяктоодо. Башкача болмок да эмес, деп “Майдан. kg” гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости