www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-августта интернетте Кыргызстанга белгилүү бул эки саясатчынын жолугушкандагы видеосу тарады.

Маалыматтарга караганда, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу коомдук ишмер, өзүн Кудай атап алган Арстан Алайды Тарых музейинин алдына жолугушууга чакырган.  Экөө жакындан бери бири-бири менен айтышып жатышкан болчу. Белгиленген убакта экөө тең келип, учурашып Тарых музейи тарапка жөнөштү.

Көрсө, Турсунбай Бакир уулу Арстан Алайды өзгөчө маанилүү экспонат катары музейге өткөрүп бермек болмок экен. Бирок, бактыга жарашабы же тилекке каршыбы, айтоор, бул күнү музей иштебейт экен. Музейдин каалгасында: “Жума, санитардык күн” деп жазылып туруптур. Ошентип экөө дагы бир аз кайым айтышкандан кийин таркап кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости