www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Коопсуз шаар II” этабын кытайлык “Shenzhen Sunwin” компаниясы жеңип алды. Мындай билдирүүнү бүгүн 23-августта журналист Тынчы Атбашингтони өзүнүн Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

Мында Тынчы мырза, учурдагы бийликтин жакындарына байланыштуу такталбаган маалыматтары бар экенин кыйытат;  

-Мендеги маалыматтар боюнча, бул компанияда мурдагы маалыматтык технологиялар агенттигинин башчысы Бакыт Шаршембиев иштеп жатат. Ал болсо бийликтеги БАЖАЛАР КЛАНЫнын бакыйган өкүлү. Коопсуздугубузду орустардан эми кытайлар колго алып коргомок болду.
БАЖАЛАР болсо КУДАЛАР менен ысык катташууда...” – деп жазылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүн “Коопсуз шаар” боюнча тендердин экинчи этабы өткөрүлүп, сынакка түшкөн арыздар ачылган. Анда катышкан 3 компаниянын бири ушул кытайлык  “Shenzhen Sunwin” атаандаштарынан айырмаланып 2-2,5 эсе аз суммага кызмат көрсөтөрүн жазышкан.

Эске сала кетсек, Коопсуз шаардын экинчи этабы 7 облус, республикалык деңгээлдеги 2 шаар, областтын жана райондук деңгээлдеги 15 шаар, 73 калктуу пунктарда жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости