www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев бүгүнкү күндө өтө катуу депрессияда дешет. Алиги «бөдөнө сүтүнөн» бошой албай жатканынын сыры да ушунда экен. Эмнеге депрессияда дейсизби? Себебин түшүндүрүп берели. 

Анын мурдагы шоопуру, өтө ишенимдүү адамы болгон Икрамжан Илмиянов Татарстандын борбору Казань шаарында АША менен анын аялы Раиса айымга таандык заводду көзөмөлдөп атканы тууралуу убагында маалымат булактары жазып чыккан. Анан ал бизнестен тышкары дагы бир жаңы бизнес ач деп А. Атамбаев И. Илмияновго ири суммадагы акча каражатын берген экен. Ал акчага И. Илмиянов Казань шаарынан соода борборун ачыптыр. Ошентип Икрам мырза бир эле учурда АШАнын эки бизнесин көзөмөлдөп, анын кирешеси тууралуу «кожоюнуна» маал-маалы менен отчет берип турууга милдеттүү болот. 

Килейген соода борборунан оңой эмес киреше түшөөрү белгилүү. Бирок, эмнегедир колуна акча тийип, анан дагы «кожоюнунан» алыс жүрүп калган Илмияновдун ою бузулуп, АШАга отчет бербей калат. Телефон чалууларына да жооп бербей качып калган дешет. Кечеки эле шоопурунун минтип качып атканына АШАнын жини шакардай кайнап аткан дешет. Ошентип ал КРнын атайын кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган күнү Москвадан Дубайга, андан ары АКШга качайын деп калган экен. Бирок, анын планы ойрон болуп, минтип колго түшүп, учурда УКМКнын тергөө абагында жатат. 

Экинчиден, АШАнын дагы бир көздөй кадры болгон Аскарбек Шадиев чек араны дарыя кечүү аркылуу кесип өтүп качып, учурда АКШда баш калкалап атканы белгилүү. Ага дагы А. Атамбаев ири суммада акча берип, Америкадан бизнес ачууну табыштаптыр. Натыйжада А. Шадиев жүк ташуучу фирма ачкан экен. Ал фирмасына 100 оор жүк ташуучу унаа сатып алыптыр, албетте АШАнын акчасына. Ал унаалардын ар бири 100-15о миң доллар турат экен. Ошондо жалпысынан 15 млн доллардай акча каражаты сарпталган. Эми ал фирманын иши кандай жүрүшүп атканы боюнча А. Шадиев А. Атамбаевге отчет берип турушу керек эле. 

Бирок, ал жактан көптөн бери кабар жок болуп атыптыр. А. Атамбаев А. Шадиевге телефон чалганы менен эч кандай жооп болбой жатканы айтылууда. Демек, ал дагы «кожоюнун» «кидать» эткен болобу?

Ошол эле убакта АШАнын Түркиядагы бизнестери да оор абалды башынан кечирип жатканы белгилүү. Биринчиден, буга аталган өлкөдөгү кризис себеп, экинчиден, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын да А. Атамбаевге жеке таарынычы бар. 

Мына ушундай жагдайлардан улам АША өзүн эч кимге кереги жок адам сезип, жалгыз эле досу катары «бөдөнө сүтү» менен эрмектешип калды дешет билгендер. Эми тергөө абагында жаткан И. Илмиянов ага каршы көрсөтмөлөрдү берсе, ошондо даана абалы чатагына айланса керек.

Булак: "telegra.ph"

Последние новости