www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин коомчулуктун кызуу талкуусуна алынган Дастан Бекешовдун Жогорку Кеңештин дааратканасы тууралуу айткан пикирин ар ким ар кандай кабыл алып жада калса ыр арнашууда. Алардын бири Темирлан Ормуков төмөнкүдөй пикирин калтырган.
"Депутат Дастан Бекешев жакында эле парламенттин ичиндеги туалеттин сасыктыгын айтып чыкты. Албетте көйгөйлүү иштерди айтуу керек.
Бирок, туалет жөнүндө жалпы элге жар салбай эле ошол Жогорку Кеңештин ишин тейлеген кызмат башчысына айтса болмок...
Өлкөдө башка маселе бүтүп калганбы же Атамбаев кеткенден кийин байкуш Бекешевге ошол туалеттен орун тийгенби кыскасы билбейм...
Айтор даараткана жөнүндө кепти адатта шыбрап айтышчу эле...
Бирок парламенттин дааратканасы таза эле болчу хлор сасып дегендей Дастан кайсы туалетке барып алган? Балким өзүнүн көнүл ичиндеги жыты тышына чыгып өзү байкабай жаткандыр ыя?"
Өнөрүң Дастан кашкайды. Өзүңө суроо таштайлы. Өлүктөй сасык ошол жыт. Өзүңдөн чыгып жатпайбы.
Кыялын Дастан ток бекен. Кылаарга ишиң жок бекен. Жогорку бийлик айтаары. Жыты сасык бок бекен.
Тууралап көрбөй алдыңды. Туура эмес сүйлөп алдыңбы. Туу туткан Алмаз кеткен соң. Туалет жакта калдыңбы.
Туура эле айтып койдуңбу. Туалетчи болдуңбу. Таапсың Дастан акыры. Татыктуу болгон ордуңду.
Көрбөйт деп сени аяшат. Түшүнбөй сени карашат. Парламенттин ичинен. Параша сага жарашат.
Кайрылдың айтып зар-кайгы. Кайдыгер сага калбайлы. Туалетке өзүңдү. Спикер кылып шайлайлы.
Темирлан Ормуков
NazarNews.kg маалымат агенттиги жарыяланган макалага жоопкерчилик албайт. Макала Темирлан Ормуковдун Фейсбук баракачасынан алынды.
Булак: NazarNews.kg