www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төбөлдөр төрдү булгап, билермандар элди булгап калган заман келбедиби. Айткандай, четинен акча жеп качып кеткендердин катарын толуктаган Аскарбек Шадиев, өз элине батпай Америкага качып барып 100 фура сатып алып, бизнести баштаптыр деген “уу-дуу” кеп чыкты. Чыкканы курусун. Жүз эмес, миң фура сатып алсын, анын бизге эмне кереги бар-дейм да. Айтылган кеп бар эмеспи “бөтөн элде султан болгончо, өз элиңде ултан бол” деген.

“Өз элин сызга олтургузуп байыган бул кандай намысы жок уулдун колунан келет болду экен” деп элеттик бир карыя айткандай, 2010-жылы “токсон бала элдин жакшы жашоосун үчүн” деп өмүрлөрүн берди эле, эми минтип эдин жакырлыкка түртүп, уурдап алган акча менен чет өлкөгө барып  фура эмес башкасын сатып алсын, ага биздин эч нерсебиз коробойт.

Бирок, кийинки муундардын бетин кантип карайбыз. Бир эле чиновниктин кылган жоругу тиги болсо, калганы эмне кылып жатат болду экен? Айта турган кеп, Аскарбек Шадиев, дагы байыш үчүн далалат кылып жатат, ач көздөр баары бир тойбойт, Америка эмес космоско барса дагы. Aл жакты дагы карызга батырып качып кетпесе болду, биздин элдин атын булгап, маселе мына ушунда. Kөнгөн адат калбайт эмеспи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости