www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Жетимиштен ашкан, 11 кеселге учураган пенсионерге ушундай зордук, зомбулук кылынса, анда адилет, акыйкат, мыйзамдуулук жөнүндө сөз козгобой эле койсок болобу?

- 2015-жылга карата бийлик бир адамдын колуна толук өттү. Ал мыйзамдарды тим кой, Башмыйзамды каалагандай тебелеп, бузуп, өзүн Кудайдан бийик коюп, элибизди басынтып, кемсинтип, мазактап, басмырлап, кемчиликтерин айткандардын бирин калтырбай түрмөгө кести. 25 саясый туткундар баары биригип 145 жылга эркинен ажыратылды.

— Чөнтөк соттор, чөнтөк парламент, чөнтөк прокурорлор деп эл бекеринен айтпылбайт да?

— Эл азыр батек соттор, батек парламент деп айта баштаптыр. 5 кодексти окубай туруп бир күндө 3 окуудан өткөрүп, кабыл алгандан кийин элдин тагдыры парламент үчүн бир короо койдон да төмөн болуп калгансыйт…

— Бир топ эксперттер Атамбаев мамлекеттик уюшулган кылмыштуу топ түзгөн деп жаза баштады. Анын мүчөлөрүн да атап жиберишти. Бул аша чаап каралоо эмеспи?

— Бул чындык. Топтун курамында Фарид Ниязов, Сегизбаев, Жолдубаева, соттор, прокурорлор, “Аки пресстин” ээси Тазабеков, КТРнын жетекчиси Карыпбеков ж.б болгон. Бири репрессиянын планын иштеп чыкса, экинчиси камакка мыйзамсыз санкция берип, үчүнчүсү жасалма кылмыш иштерди токуп, калгандары түрмөгө кесип, өзүнчө эле машине иштеп калган… Эң зор ишти “Аки пресс” менен КТР жасашкан. Жалган маалыматтарды тынбай кайталап таратып, күнөөсү жок кишилерди эл душманы, паракор, шпион кылып элге көрсөтүп, жалаа жаап далайды “жибек жип менен мууздап” берип турган.

— Башыңызга түшкөн мүшкүлдү жеңебиз кантип көтөрдү?

— Көтөрбөгөнгө айла жок экен да. Чыдады. Кан басымы көтөрүлгөн ооруга чалдыгып калды.

Маектешкен Темирлан Токтоболотов

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости