www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-февралда көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын максаты —  Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий жактан калыптануусуна көрүнүктүү салым кошкон Турдакун Усубалиевдин элесин түбөлүккө калтыруу жана анын туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо.

Иш чараны эң жогорку улуттук деңгээлде даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлөт, ошондой эле иш-чараларды даярдоонун жана өткөрүүнүн планы иштелип чыгып, бекитилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости