www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Аслан мырза, сиз Сооронбай Жээнбековдон кийин “кимдердин” президент болушун Фейсбукка жазыпсыз. Тең салмактуулук үчүн түндүктүн мыкты чыкмаларын санапсыз...

--Коомчулукка түшүнүктүү болуш үчүн ошол постумду толугу менен келтирейин. “Сокемден кийин президент боло турган адам түндүктөн чыгары талашсыз. Баланс сакталышы үчүн. Андыктан, калыстыкты карманып, түндүктүн ар бир облусунан ажолукка татыктуу лидерлерди санап коелу. Чүйдөн Темир Сариев, Канатбек Исаев. Нарындан Аликбек Жекшенкулов, Аида Салянова. Таластан Өмүрбек Суваналиев, Даир Кенекеев. Ысык-Көлдөн Садыр Жапаров... Мына ушул инсандардын кимиси болбосун, президент катары татыктуу түрдө эл башкарууга бышып калышты. А элибиз кимисин тандайт, ал келечектин иши...” деп жазгам.

--А эмне үчүн жалаң аркалык саясатчыларды атап атасыз?

--Алмазбек Атамбаев түндүктөн кийин түштүктүк лидер катары Сооронбай Жээнбековду тандап, аны сүрөп атып, президент кылды. Карапайым калк ичинде деле “Соке бу саам түштүктөн болду, эмки кезек аркалыктарга келиш керек” деген пикир түзүлүп атканын кайда жашырабыз? Андыктан, түндүк-түштүктүн ынтымагын сактоо таризинде кезеги менен эл башкарчу адамдарга жол салалы да, туурабы? Мен жогоруда атаган инсандардын баары кыргыз эли үчүн күйө турганын билем. Бирок, ошолордун ичинен Садыр Жапаров менен Канат Исаев кокустук бурулуштарга ылайык, бийлик башына келип калышы мүмкүн...

--А эмнеге бул экөөнө өзгөчө басым жасап атасыз?

-- Учурда Садыр Жапаров түрмөдө жатат. Анын тарапташтары өтө көп. Саясый элитадан карапайым калкка чейин колдошот. Нельсон Манделанын практикасы сымал бийликке келишине шанстар бар. Биздин элибиз да ошондой тандоону күтүшүүдө. Дүйнөлүк тарых да кайсы бир учурда кайталанат. Эми бул жагынан мен сырларды ачкым келбейт, керек болсо, Садыр Жапаровду күзгө чейин көтөрө турган күчтөр чыгышы мүмкүн... Мен ушул жерден бир мисал келтирейин. Кыргыздар калмактардын чапкынынан кутулуп, өз алдынча эл боло баштаганда (1756-жылдары), казактар да калмактардын эзүүсүнөн бошоп, кыргыз жерине кол сала башташкан. Ошондо Эр Садырды Суусамырдан кыргыздын мыктылары Таласка жөнөтүшкөн. Ал Чоң-Капкага чеп салып, казактардын мизин кайтарган. Аблай хан “казак-кыргыз бир тууган, бири-бирибизди кырбайлы, тынч жашайлы” десе, Эр Садыр анысына көнбөй, “мени казактар хан катары таанысын” деп каршы чыккан. Кыргыздар ошондо өзүбүздүн баатырыбызды көрө алышпай, ар кандай кыянатчылыкка барышкан. Ошондон кийин Абылай хан ачууланып, Эр Садыр үчүн Талас менен Чүйдү чапкан. Элибиз туруштук бере алышпай кырылышкан... Анан эми азыркы жашоо башка да, ошондо Эр Садырды өзүнүн мекендештери сатып кетишсе, азыркы Садыр Жапаровду да душмандардын азуусуна салып бергенибиз кантип болсун? Мен ойлойм, элдин калыс маанайында талдоо болсо, Садыр мырза жеңишке жетет...

--Канат Исаев боюнча да айттыңыз го? 

Канат байке да белдүү жигит. Келечекте эл башкарат. Менимче, азырынча Исаев бийликке каршы чыкпайт, тескерисинче, каршылаш күчтөрдүн мизин кайтарат. Андыктан, Соке баардык жагын таразалап, дал ушул Канат мырзаны өзүнө мураскер кылып, бийликти тынчтык жолу менен өткөрүшү ыктымал. 

Маектешкен,  Гүлжан Шерипбаева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости