www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов интернет баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра карап чыгуу тууралуу актоочу тараптын өтүнүчүнө шаардык прокуратурадан 3-январда жооп келген.

Анда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 2018-жылдын 3-декабрындагы чечимин бузууга негиз жоктугу белгиленген.

Адвокат прокуратуранын жообу түшүнүксүз экенин, эми Садыр Жапаровдун ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра иликтөө өтүнүчү менен Башкы прокуратурага кайрыла турганын кошумчалады.

Эске сала кетсек, Жогорку сот алты жыл мурда "Караколдогу митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде Садыр Жапаровду он бир жыл алты айга кескен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости