www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Астана шаарында 7-ноябрда Казакстан Республикасынын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда эки тараптуу консультативдик жолугушуу  өткөрүлдү.

Казакстан Коопсуздук кеңешинин катчысы Габит Байжанов бул жолугушууну өткөрүү боюнча биргелешкен демилгени ишке ашыргандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчекаралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуунун, терроризмге, радикалдашууга жана трансчекаралык кылмыштарга жол бербөөнүн  актуалдуу маселелери дагы талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун бардык багыттар боюнча  кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын баса белгилешти.

Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости