www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Окурманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук дарегибизге кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.

Атым Арсен. Бүгүн мен 24 толдум. Мени 24 жылдан бери, эч ким туулган күнүң менен деп куттуктаган эмес. Бул турмушта эч бир жанга кереги жок  болуп жашаш, өтө оор, ошол эле мезгилде эч бир тирүү жанга милдеттүү эмес экендигиңди сезгенде, бир азда болсо женилдей түшөм. Менин тирүү же өлүк  экендигим  эч кимге кызык эмес.

Мындан 7 жыл мурун балдар үйүнөн учуп чыккандан кийин 7 жыл тынбай Ош базарында тачка түртүп, иштедим.  Азыр сварщик болуп иштейм. Кесиптик лицейди бүтүрдүм. Унаа сатып алдым. Үй дагы алдым, бирок дагы эле жалгызмын. Сүйүүгө жолуга элекмин, бирөөнү сүйгөндү дагы билбейм.

Себеби , жарык дүйнөгө келгенден бери эч кимден сүйүү, жылуулук көргөн эмесмин. Жылуулук көрбөгөн адам, бирөөгө жылуулук бере алабы? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости