www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күндүн талкуусунда жаңы дайындалган министр Улукбек Кочкоров болду. Анын жаңы конуштарды аралап жердин баткагын, элдин көйгөйүн өз көзү менен көрүп эл менен чогуу иш баштаганы коомчулукка майдай жакты.
Активист Акбалык Жумалиева "Министр сайраңдап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч "периште" бир жолу бут басып барышты бекен ушул тараптарга?"- десе, журналист Баяна Кулова "Кайсы министрди көрдүңөр эле ылай кечип социалдык маселелерди өзүп барып көргөн. Башкасын мындай коёлу, "мен коррупция менен күрөшүп" деп өзүн апапакай сезген Лунара айым менен министр Таалайкүл айымдын ушундай сүрөтүн көргөн эмесмин. Качан депутаттар ызы-чуу түшүп чакырып сурака ала баштаганда гана "апапакай костюмдарын кийип өкүртө боёнуп ээрчишип барып калышчу"-десем ашыкча кетпейм. Мына муну чыныгы министр дейт. Ылайым ылай кечип, ушинтип маселени жеринен барып көргөн министрлер көбөйсүн."- деген пикирлерин калтырган.
Булак: NazarNews.kg