www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

AstraZeneca менен эмделген 7 киши тромбдон улам көз жумду

Улуу Британияда AstraZeneca менен эмделген жети киши тромб пайда болуп көз жумган. Бул туурасында Медициналык максаттагы каражаттар менен дары-дармектерге көзөмөл кылуу боюнча башкармалыктын (MHRA) билдиргенине таянып РИА Новости жазды. 

Буга чейин аталган регулятор Британияда AstraZeneca алгандан кийин 30 кишиде тромб пайда болгондугун маалымдаган эле. Жалпы сандын ичинен 22 учурда церебралдык веноздук синус тромбозу (CVST), ал эми калгандарында тромбоздун башка түрлөрү кездешкен.

--"30 учурдун ичинен биздин билдирүүдө жети адам, тилекке каршы, каза болду", - деген башкармалык Financial Times басылмасына.

Регулятор BioNTech/Pfizer вакцинасын алгандардын арасынан мындай учурлар болбогонун белгиледи.

Март айында ЕБде AstraZeneca вакцинасын алгандардын ичинен кээ биринде кооптуу учурлар байкалганы туурасында маалыматтар пайда боло баштаган. Биринчилерден болуп коңгуроону Австрия каккан. Алар эмделген адамда тромбоз пайда болуп 10 күндөн кийин көз жумгандыгын, ал эми өпкө тамырынын тромбоэмболиясы менен бир киши ооруканага түшкөндүгүн билдиришкен. Австрияга удаа эле вакцина алгандардын абалы оорлоп кеткендиги туурасында маалыматтар Европанын башка өлкөлөрүнөн түшө баштаган. Британиядан мындай кабар келген эмес, өлкөдө пайдаланылып жаткан вакцина Европа колдонуп жаткан ишканалардан эле чыккан.

MHRA буга чейинки жасалган иликтөөлөрдөн кийин AstraZeneca коопсуз жана колдонууга сунушталат деп билдирген эле.

Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери этият болуу максатында аталган препаратты колдонууну токтото туруу чечимин кабыл алды. Анткен менен 18-мартта ЕМА — европалык регулятор анын эксперттери AstraZeneca тромбоэмболиялык кабылдап кетүү кооптуулугун арттырат деген нерсени тастыктабагандыгын билдирди.

Башкармалык АstraZeneca вакцинасынын коронавируска каршы майнаптуулугу менен коопсуздугун бекемдеп, элди коргоосу менен артыкчылыгы ага байланышкан тобокелдиктерге караганда алда канча жогору деген болчу.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости