www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иранда саясий бийликтин жаңы этабы башталды. Эксперттер кеңешинин чечими менен аятолла Сейед Моджтаба Хаменеи өлкөнүн жаңы Жогорку лидери болуп шайланды. Ал Ислам Республикасынын тарыхындагы үчүнчү Жогорку лидер болуп калды.

Моджтаба Хаменеи – 1989-2026-жылдары Иранды башкарган аятолла Али Хаменеинин уулу. Атасы 28-февралда Изралдин аба соккусунан каза болгон. Ал өлтүрүлгөндөн кийин өлкөдө бийлик мураскерли күн тартибине чыккан. Натыйжада Эксперттер кеңешинин басымдуу добушу менен анын уулунун шайланышы, Ирандагы саясий системанын туруктуулугун сактоого багытталган кадам катары бааланууда.

Моджтаба Хаменеи 1969-жылы Мешхед шаарында төрөлүп, Тегеран жана Кум шаарларындагы медреселерде окуган. Ал ислам укугу жана диний илимдер боюнча узак жылдар билим алып, кийин медреселерде сабак берген. Айрым маалыматтарга караганда, ал атасынын башкаруусунда эле Ирандын саясий жана диний элитасында таасирдүү фигуралардын бири болуп келген. Ошондой эле анын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) жана “Басиж” сыяктуу күч түзүмдөрү менен тыгыз байланышы бар экени айтылып жүрөт.

Жаңы Жогорку лидердин инаугурациясы 9-мартта Тегерандын борборундагы Революция аянтында өтөрү кабарланды. Салтанат жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00дө башталат.

Моджтаба Хаменеинин шайланышына Ирандын президенти Масуд Пезешкиан да дароо реакция жасап, аны куттуктады. Президент бул чечимди өлкөдөгү башкаруу системасынын улантылышын жана мамлекеттик туруктуулукту камсыз кылган маанилүү кадам катары баалады. Анын айтымында, жаңы лидердин шайланышы Иран эли үчүн “намыс, күч жана өнүгүү доорунун башталышын” билдирет. Ошондой эле анын коопсуздугу дагы коркунучта. Анткени Израиль менен Америка ким лидер болуп шайланбасын аны жок кылуу операциясы тотобой турганын билдиришти.

Андыктан өлкө жаңы лидерди татаал мезгилде кабыл алып жатат. Аймактагы геосаясий чыңалуу, Батыш менен мамилелердин курчушу жана ички экономикалык кыйынчылыктар Тегеран үчүн негизги сыноолордон болуп саналат.

Ошондуктан Моджтаба Хаменеинин бийликке келиши Иран үчүн жөн гана кадрдык өзгөрүү эмес, өлкөнүн саясий багыты менен региондогу ролу кандай нукта өнүгөрүн аныктай турган маанилүү этап болуп саналат.

Алмаз Темирбек

Последние новости